КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте басма сөз кызматкерлери үчүн интенсивдүү тренинг


  • 2024-03-17

2024-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биргелешүүсүндө жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлери үчүн бир күндүк интенсивдүү тренинг өткөрүлдү. Тренинг КТМУнун ректоратынын жыйындар залында өттү.

Окутуу программасына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, университеттин проректорлору профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, ректордун кеңешчилери профессор Режаи Доган, профессор Серхат Бурмаоглу жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлери катышты.

Мамлекеттик гимндердин жаңыруусу менен башталган программа ачылыш сөздөрү менен уланды. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева тренингдин маанисине басым  жасап, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Билим берүү жана илим министри Кендирбаева “Бүгүнкү күндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетин аяктаган студенттер жеке Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдөгү эмгек рыногунда өтө жогорку талапта турган адистер экенин көрүп жатабыз. Биз муну менен сыймыктанабыз. КТМУнун бүтүрүүчүлөрү натыйжалуу адис болушарын чын жүрөктөн айта алам”, -деди.

Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлери менен пайдалуу жана интенсивдүү тренинг менен “Манас” университетинде чогулуп жатышканына кубанычта экенин билдирди.

Коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрк ачылыш сөзүндө “Манас” университетинин маанилүүлүгүнө жана жетишкендиктерине көңүл бурду. Профессор Мехмет Сезаи Түрк “Манас” университети Кыргызстанда дүйнөлүк университеттеринин рейтингине кирген биринчи жана жалгыз университет экенин, ошондой эле коммуникация факультетинин ийгиликтерине да токтолду. Студенттерге Кыргызстандын жана Түркиянын алдыңкы медиа мекемелеринде стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү берилгенин белгилеген профессор Түрк коммуникациянын маанисин баса белгилеп, тренингдин катышуучуларга тийгизген пайдасын айтты.

Эки сессиядан турган тренингде “Манас” университетинин окутуучулары жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен эксперттер басма сөз кызматкерлерине баалуу маалыматтарды беришти.

Тренингдин биринчи отурумунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары ф.и.к Гүлзада Станалиева “Кантип мыкты PR текст жазса болот?” жана Доц.док. Эрдоган Акман “Кабар жазуу техникаларында жана кабар жазууда жаңы тренддер” темасында презентация жасашты. Ошондой эле медиа эксперт Тагжана  Айдаралиева “ЖОЖ үчүн PR стратегия” темасында тренинг өтсө, ал  эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Ширин Костюк “Стоп эфир! Эфирде кандай алып жүрүү керек?” темасында пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү.

Ал эми экинчи отурум Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Басма сөз жана коомчулук менен байланыш директору, Док.Гөкжан Челиктин “Социалдык медианы өздөштүрүү: контент жана стратегиянын негиздери” аттуу презентациясы менен башталып, андан соң КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева тренингдин катышуучуларына “Кризис? Коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү? Кризис маалындагы коммуникация” темасында презентация жасады.

Сессиялар суроо-жооп бөлүгү менен улантылды. Иш-чаранын аягында окутуучулук курамга Ыраазычылык Кат жана катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Программанын жүрүшүндө басма сөз кызматкерлери “Манас” университетинин “Манас” телеканалын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  

Бул маанилүү иш-чара басма сөз кызматкерлеринин компетенттүүлүгүн арттырууда маанилүү кадам болду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4lNREOtE1Z/?igsh=MWxzMGc0Y3B6aHE0Zg==

https://www.instagram.com/p/C4lVSCQtagP/?igsh=Z3N3MGk0bGd5MHpv

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C4k37OWNoxf/?igsh=MnVvdzkzMGQwa2gy

    Социалдык медиада бөлүшүү