“Нооруз майрамы” сүрөт көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурду


  • 2024-03-21

2024-жылдын 20-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Курманжан Датка сүрөт галереясында өткөн “Нооруз майрамы” сүрөт көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөрдүн купулуна толду.

Көргөзмөнүн ачылыш сөзүн сүйлөгөн “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Нооруздун катардагы эс алуу күнү эмес, тескерисинче, чоң майрам экенин баса белгилеп, анын кыргыз маданиятындагы маанисине көңүл бурду. “Бул эмгектерде миңдеген жылдардан бери келе жаткан маданияттын издери бар,”- деп көргөзмөнүн терең мааниге ээ экенин билдирди.

Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин Нооруздун маданияттын эң баалуу элементтеринин бири болгон искусстводо кандай чагылдырылганына токтолду. Көргөзмөнүн көрүнүктүү эмгектеринде Кыргызстандын кайталангыс кооз жаратылышы жана бай маданий мурасы чеберчилик менен тартылганын билдирди.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Адилет Жанапилов көргөзмөнү даярдоого салым кошкон сүрөтчүлөргө ыраазычылык билдирип, алардын ак эмгеги менен жаралган бул кереметтүү эмгектердин ар бири искусствонун керемети экенин баса белгиледи.

Кыргызстандын 16 таланттуу сүрөтчүсүнүн эмгектеринен турган жамааттык көргөзмө искусствонун тилектештик жана биримдик духун ачып берди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4x8UI7Nfp4/?igsh=dGswbTh2NDdxMmtk

İnstagram:

https://www.instagram.com/p/C4u0dDLtT_F/?igsh=MTRlbWd6bnB3OWJ

Manas TV Haberi: https://youtu.be/yE-cLUvsgv4?si=oMtdmksWzPuuFAA3

    Социалдык медиада бөлүшүү