“Экотуризм жана туруктуулук” аттуу семинар болуп өттү


  • 2024-03-25

2024-жылдын 20-мартында КТМУнун Үзгүлтүксүз билим  берүү борбору тарабынан уюштурулган “Экотуризм жана туруктуулук” аттуу кезектеги семинар болуп өттү.

Окуу жайдын окутуучулары жана студенттер катышкан семинарды “Манас” университетинин туризм факультетинин туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн бөлүм башчысы, доцент Мустафа Мурат Кызанлыклы өттү.

Семинар Үзгүлтүксүз билим  берүү борборунун төрагасы, доцент Эркан Эфилтинин ачылыш сөзү менен башталды. Доцент Эркан Эфилти иш-чара Кыргызстанда маанилүү болгон туризм тармагына тийиштүү теманын алкагында өткөрүлгөндүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Семинардын туризм тармагында маалымдуулукту арттыруу жана кызматташууну өнүктүрүү максатында уюштурулганын кошумчалады.

Аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылып, экотурист катары саякатташы керектигин баса белгилеген доцент Мустафа Мурат Кызанлыклы жаратылышка зыян келтирбей саякаттоонун жолдору жөнүндө айтып берди.

Үзгүлтүксүз билим берүү боюнча максаттуу өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар окутуучулар менен студенттердин маалымдуулугун жогорулатууга мыкты түрткү берүүдө.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C47x7MTNR_j/?igsh=dDVzZDF2am9mNGN

    Социалдык медиада бөлүшүү