Изилдөөнү долбоорлоо боюнча семинарлар уланууда


  • 2024-03-28

2024-жылдын 28-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Изилдөөнү долбоорлоо семинарларынын алкагында семинар болуп өттү.

КТМУнун экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Серхат Бурмаоглу тарабынан өткөрүлгөн семинар профессордук-окутуучулук курам, магистратура жана докторантура программаларынын студенттери арасында чоң кызыгууну жаратты.

Семинарда илимий макала жана диссертация жазуу боюнча маанилүү маалыматтар берилди. Катышуучуларга макалаларды жана тезистерди кантип эффективдүү жазуу, орфографиялык эрежелер менен эне тилди колдонуу сыяктуу маселелер боюнча маанилүү кеңештер айтылды.

Коомдук илимдер тармагындагы изилдөө процессин талкуулаган профессор Бурмаоглу илимий макала жазууда айырмаланган көз караштын зарылдыгына көңүл бурду. Ишке ашырылган изилдөөлөрдүн академиялык сапатын жогорулатуу үчүн жасала турган кадамдарды санаган профессор Серхат Бурмаоглу жазылган макалаларды бөлүшүүнүн маанисине басым жасады.

Академиялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлгөн семинар катышуучуларга илимий изилдөө процессине жаңы көз карашка ээ болуп, аң-сезимдүү жана натыйжалуу кадамдарды таштоого салым кошту.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5NriWPNEXr/?igsh=MW9zYWVsejYwMml1Mw==

    Социалдык медиада бөлүшүү