Суу үстүндѳ искусство: Эбру көргөзмөсү


  • 2024-04-04

Үстүбүздөгү жылдын 4-апрель күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети тарабынан Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында “Студенттерден эбру искусствосу” аттуу кѳргѳзмѳ уюштурулду.

Көркөм өнөр факультетинин ага окутуучусу, док. Айсулуу Копонованын координациясында живопись жана графика бөлүмдөрүнүн студенттеринин эмгектери коюлган көз жоосун алган көргөзмөгө келген коноктор боектордун жардамы менен суунун үстүнѳ сүрѳт тартуу өнөрүнөн терең таасир алышты.

Аталган көргөзмөгө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, окутуучулар жана студенттер катышты.

Суунун бетинде ойногон кызыктуу түстөр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, уникалдуу өнөр менен жолуктурган көргөзмө коноктордун жүрөгүндө унутулгус эскерүүлөр жаратты.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө бул сыяктуу маанилүү иш-чаралар мындан ары да улантылышы керектигин айткан ректор, профессор Алпаслан Жейлан сөзүн мындай деп улантты: “Улуттун түпкү тамырынан ажыраганы, анын маңызынан ажыраганына барабар. Маңызыбыздан ажырап калбаш үчүн маданиятыбызды, искусствобузду, тилибизди кийинки муунга жеткирүү зарыл.”

Ректор Жейлан көркөм өнөр факультети искусство менен маданиятты айкалыштырууда маанилүү иш алып барып жатканын баса белгилеп, факультеттин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Көргөзмөнүн алдында эбру искусствосунун тарыхы тууралуу кыскача айтып берген көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин эбру өнөрү унутта калганын, ага ылайык, аталган көргөзмө уюштурулганын билдирип, иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5dOVbrN0Ne/?igsh=MWhhNnRkbG52ZXc3

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C5WIgztNfIP/?igsh=enA2cmRmOWx3MTh

    Социалдык медиада бөлүшүү