“Манас” университети QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде Кыргызстандан төрт жылдызга ээ болгон алгачкы жана жалгыз университет


  • 2024-05-14

Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болду жана “төрт жылдыздуу университеттердин” катарын толуктады.

2024-жылдын 13-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратында өткөн сертификат тапшыруу аземине КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, QS Борбордук Азия боюнча аймактык директору Сергей Христолюбов, КТМУнун проректорлору профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, профессордук-окутуучулук курам катышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS Эл аралык рейтингинде жана QS Stars жалпы баалоо системасында Кыргызстандан жалгыз университет экенин айткан QS Борбордук Азия боюнча аймактык директору С. Христолюбов төрт жылдыздуу QS Stars сертификатын “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга тапшырды.

Төрт жылдыздын чоң жетишкендик экенине көңүл бурган QS Борбордук Азия боюнча аймактык директору С. Христолюбов: “Жалпысынан алганда үч жылдыздан төрт жылдызга өтүү 4-5 жылды талап кылса, “Манас” университети биринчи табыштамасын жибергенде эле төрт жылдызга ээ болду. Бул чоң жетишкендик. Төрт жылдыз алуу бир университет үчүн көп убакыт жана эмгек талап кылат. Бул жаатта берилгендик менен иш алып барган “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланды, Корпоративдик маалыматтар жана тышкы байланыштар координатору, профессор Олгун Чичекти, университеттин жетекчилигин жана сиздерди, профессордук-окутуучулук курамды куттуктайм. Мындай курамдан түзүлгөн кесипкөй команда болбосо, бул ийгиликке жетүү мүмкүн эмес”, -деп окуу жайдын жалпы жамаатын куттуктады.

QS Stars үчүн 30 критерий

Төрт жылдыздын мааниси тууралуу кыскача маалымат берген С. Христолюбов буларга токтолду: “QS рейтинги дүйнөдөгү маанилүү рейтинг болуп саналат. Анда окуу жайлар 9 критерий боюнча бааланат. Ал эми Кыргыз-Түрк “Манас” университети катышкан Азия рейтингинде 11 критерий бар. Тармактар боюнча рейтингде 5 критерий менен бааланат. QS Stars жалпы баалоо системасында окуу жайлар 30 критерий менен каралат. Анын ичинде профессордук-окутуучулук курамдан сырткары илимий изилдөө, эл аралык иш-чаралар, социалдык жоопкерчилик иш-чаралары, студенттердин жашоо шарттары, спорттук жана маданий иш-чаралар сыяктуу бир катар критерийлерге деталдуу көңүл бурулат.”

2 критерийде 5 жылдыз

КТМУнун орто эсеп менен төрт жылдыз, ал эми нтернационалдаштыруу жана ишке орношуу критерийлери боюнча беш жылдыз алганы билим берүү мекемеси үчүн чоң ийгилик экенин баса белгиледи. Окуу жайдын эл аралык аренадагы бул ийгилиги университеттин жалпы жамаатына чоң кубаныч тартуулады.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сертификат тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө бул чоң ийгиликке жетүүдө баардыгына ыраазычылык билдирип, сыймыктанганын айтты.

Бул маңыздуу учурду бөлүшүүдөн кубанычын баса белгилеген профессор Жейлан академиялык жана административдик кызматкерлерге, студенттерге жана аны колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.

Азем сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C68Bk8etQBq/

    Социалдык медиада бөлүшүү