“XVIII кылымдын белгилүү түркмөн акыны Махтумкули Фраги” семинары


  • 2024-05-17

2024-жылдын 15-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан уюштурулган “XVIII кылымдын белгилүү түркмөн акыны Махтумкули Фраги” аттуу семинары бир нече адамдын катышуусунда өткөрүлдү.

Түркология бөлүмүнүн семинарлар сериясынын алкагында уюштурулган иш-чарага түркология бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Озан Йылмаз, окутуучулар жана студенттер катышты.

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Бахар Бердиева тарабынан өтүлгөн “XVIII кылымдын белгилүү түркмөн акыны Махтумкули Фраги” аттуу семинарда Махтумкули Фрагинин өмүр жолу, чыгармачылыгы жана түрк адабиятындагы орду жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берилип, Фрагинин адабий мурасы талкууланды. Катышуучулар XVIII кылым түркмөн адабиятынын маанилүү өкүлдөрүнүн бири Фраги менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Аталган иш-чара КТМУнун гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурастарын кеңири аудиторияга жайылтуу аракетинин үлгүсү катары көңүлдөрдү бурду.

Семинар суроо-жооп бөлүмү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7LUNK3t3zG/

    Социалдык медиада бөлүшүү