Коммуникация конференциялары соңуна чыкты


  • 2024-05-25

2024-жылдын 10-20-май күндөр аралыгында  “Манас” агенттиги жана коммуникация факультети тарабынан уюштурулган “Коммуникация конференциялары” сериясынын биринчи иш-чарасы өз тармагынын кесипкөй адистеринин катышуусунда өткөрүлдү. Тармактын алдыңкы адистери жана “Манас” университетинин студенттеринин башын бириктирүү, ошондой эле учурдагы өнүгүүлөргө жарык берүү максатында уюштурулган аталган конференция сериялары бир нече адамдын катышуусунда чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

Модераторлор доцент Шакир Гүлер жана доцент Абдүлхаким Бахадыр Дарынын жетекчилигиндеги иш-чарада үч маанилүү тема талкууланды.

“Кыска метраждуу тасмада драмалык түзүлүштү куруу” темасы менен башталган биринчи отурумда катышуучулар кыска метраждуу тасмалардын сценарийлеринде кантип драмалык түзүлүш жаралышы керектиги тууралуу баалуу маалыматтарга ээ болушту. Экинчи отурумда “Таасирдүү мугалимдердин позитивдүү өзгөчөлүгү катары коммуникация жана юмор” деген тема боюнча пикирлер айтылды.

Сериянын акыркы отурумунда “Жаңы миң жылдыктагы көйгөйлөр: коммуникация технологияларынан келип чыккан когнитивдик жүрүм-турумдун бузулушу” деген темада заманбап коммуникация технологияларынан келип чыккан когнитивдик жана жүрүм-турумдук бузулуулар талкууланды. Студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын чоң кызыгуусун жараткан бул сессия актуалдуу көйгөйлөргө көңүл буруу менен маалымдуулукту арттырды.

Конференциялар сериясы коммуникация тармагындагы өнүгүүлөргө жарык чачууну максат кылып жана өз кесибинин адистери менен студенттердин башын бириктирип, билим жана тажрыйба алмашуу ийгиликтүү ишке ашты. Семинарлардын соңунда “Манас” агенттигинин жана коммуникация факультетинин кызматкерлери мындай иш-чаралар аркылуу коммуникация дүйнөсүнө мындан ары да салым кошо тургандыктарын билдиришти.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7d3bFUtrt2/

    Социалдык медиада бөлүшүү