Өзгөчө кырдаалдагы коопсуздук боюнча семинар өткөрүлдү


  • 2024-05-25

2024–жылдын 16-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинде “Өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздук” аттуу семинар Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек  шаары боюнча куткаруу кызматынын кызматкерлери; Рысбай Оморбеков, Замир уулу Урмат, Данияр Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун биринчи жардам көрсөтүү кызматы боюнча менеджери Маджит Кимузаев, инструкторлор; Айтгүл Жетигенова, Султан Мусабаев, инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева, тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, доцент Анарсейит Дейдиев, профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Аталган иш-чара тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу, х.и.к.,  Айгүл Усубалиеванын жетекчилиги астында, кенже илим.кызм.док. Айбек Бодошев тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева өз сөзүндө уюштуруучуларга жана баяндамачыларга ыраазычылык билдирди. Ал эми тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, доцент Анарсейит Дейдиев семинарды уюштуруунун максатына токтолуп, “Дүйнөдө ар кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, алсак, экологиялык, климаттык өзгөрүүлөр болууда. Жазында Кыргызстанда сел жүрдү, жер титирөөлөр катталды. Мындан башка да өзгөчө кырдаалдар болуп калышы мүмкүн, ошондуктан ушул семинарды өткөрөлү деп чечтик”, -деди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек  шаары боюнча куткаруу кызматынын кызматкерлери; Рысбай Оморбеков, Замир уулу Урмат, Данияр Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун биринчи жардам көрсөтүү кызматы боюнча менеджери Маджит Кимузаев, инструкторлор; Айтгүл Жетигенова, Султан Мусабаев жана тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу, х.и.к.,  Айгүл Усубалиева доклад окушуп, өзгөчө кырдаалдагы коопсуздук, биринчи жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга багытталган иш-аракеттер, ар кандай кырдаалдарды алдын алуу жана чара көрүү, гуманитардык, социалдык жардам тууралуу катышуучуларга кенен маалымат беришти.

Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек  шаары боюнча куткаруу кызматынын кызматкери Рысбай Өмүрбеков өз сөзүндө аталган мекеменин кызматкерлеринин иш алып баруусу боюнча студенттер менен тааныштырып, көрүлгөн чаралар менен катар кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун биринчи жардам көрсөтүү кызматынын иш алып барган багыттары боюнча студенттерге кенен маалымат берген биринчи жардам көрсөтүү кызматы боюнча менеджер Маджит Тимуджаев өз сөзүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кызматташуу жагымдуу экенин баса белгилеп, чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу, х.и.к.,  Айгүл Усубалиева кырсыктардан, оорулардан алдын алуу максатында иш алып баруулардын бири билим тармагында да болочок адистерди окутуу экенин белгилеп, бул жаатта инженердик факультетинин окуу программасында жашоо-тиричилик коопсуздугу сабагы өтүлөрүн айтты. Өндүрүш чөйрөсүндө, жалпы калктын, келечек муундардын жогоруда айтылган маселелерди чечүүдө инженерлердин түздөн түз чоң салымы бар экенин баса белгиледи.

Чакырылган коноктор тарабынан маанилүү жана кызыктуу маалыматтар берилип, кызуу талкуулар менен суроо-жооп бөлүгү уланды.

Студенттердин өзгөчө кырдаалдагы коопсуздук боюнча маалымдуулугун арттырган иш-чара сертификаттарды тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7d0VW-tpgo

 

    Социалдык медиада бөлүшүү