“Манас” университетинде “Францияда аймактык өнүгүү” аттуу темада семинар өткөрүлдү


  • 2024-05-28

2024-жылдын 27-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында инженердик факультетинин тамак-аш инженерлиги бөлүмү тарабынан 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестринин иш-чараларынын алкагында семинар болуп өттү.

Франциянын айыл чарба министрлигинин ардактуу профессору Эрик Дюфур баяндамачы катары катышкан семинарда “Францияда аймактык өнүгүү: Франция жана Европанын биоэкономика жана экономикалык цикл саясаттарынын таасирлери” аттуу тема талкууланды.

Семинарда Европа Биримдигине жаңыдан кирген өлкөлөрдүн аймактарында негизги билим структурасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын маанилүүлүгү баса белгиленди.

Мындан тышкары,  профессор Дюфур айыл менен шаардын ортосундагы байланыштын бүгүнкү күндө алда канча маанилүү болуп калганына көңүл бурду. Буга байланыштуу мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө экономикалык циклга басым жасагандарын билдирген профессор Дюфурдун айтымында, экономикалык циклдын негизги максаты - калдыктарды кайра колдонуу жана кайра иштетүү үчүн иштетилген үрөндү бөлүп алуу экенин билдирди.

Иш-чарада экономикалык цикл менен биоэкономиканы чогуу кароо менен туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө, экологиялык жана экономикалык тең салмактуулуктарды сактоого болору айтылды.

Семинардын аягында катышуучулар профессор Дюфурга суроо берүү менен аталган теманы тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7gWH2Qtkk4

 

    Социалдык медиада бөлүшүү