Институттар бирикти


  • 2024-06-01

“Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 25.04.2024-жылдагы №2024-01 жыйынында институттарды “ЖОЖдон кийинки билим берүү институту” атап, бириктирүү жөнүндөгү кабыл алынган №3 чечимине ылайык, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин курамындагы институттар бириктирилди. Чечимге ылайык, учурда иштеп жаткан Коомдук илимдер институту, Табигый илимдер институту, Евразия тил, тарых жана археология илим-изилдөө институту, Салттуу оюн жана спорт изилдөө институту “ЖОЖдон кийинки билим берүү институту” деген ат менен бириктирилди. Камкорчулар кеңешинин ошол эле жыйынында кабыл алынган чечим менен жаңы түзүлгөн Саламаттыкты сактоо илимдери институту да кошулду.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан институттарды бириктирүү тууралуу алынган чечимди 2024-жылдын 30-майында ректораттын жыйындар залында институт мүдүрлөрү жана кызматкерлери менен өткөргөн жолугушууда жарыялады.

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө бул чечим менен адам ресурстары баш болгон убакыт жана мейкиндикти колдонуунун дагы да натыйжалуу болоорун баса белгиледи. Ал институттун бардык кызматкерлерине ушул убакка чейин көрсөткөн кызматы жана ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, “Биз чоң үй-бүлөбүз жана бул кырдаалдан үй-бүлөбүздүн бир дагы мүчөсүнө терс таасирин тийгизүүсүн каалабайбыз. Ушул себептен биздин институттун кызматкерлери башка бөлүмдөрдө ишин уланта беришет”, - деди.

Жыйындын соңунда бардык институттун кызматкерлерине талбаган эмгектери үчүн ректорат тарабынан Ардак грамоталар ыйгарылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7o6mzfN0ij/

    Социалдык медиада бөлүшүү