Изилдөөнү долбоорлоо боюнча семинарлар ийгиликтүү аяктады


  • 2024-06-01

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комиссиянын төрагасы жана ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Догандын жетекчилигинде 2023-2024-окуу жылында уюштурулган “Изилдөөнү долбоорлоо семинарлары” сериясынын акыркы семинары 2024-жылдын 30-майында өткөрүлдү.

Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комиссиянын төрагасы, профессор Режаи Доган тарабынан берилген “Илимий этика жана плагиат (Техникалык өлчөм: программалык камсыздоо)” аттуу акыркы семинарда илимий изилдөөдө ишенимдүүлүктүн мааниси баса белгиленди.

Профессор Доган этикалык эрежелердин алкагында иш алып баруунун зарылдыгына басым жасады. “Илимде туруктуулук маанилүү”, - деген профессор Доган плагиатка байланышкан мисалдарды келтирип, катышуучуларга кеңири маалымат берди. Ошондой эле ийгиликтүү окутуучунун студенттик жашоосунан баштап этикалык эрежелерди сакташы керектигин белгиледи.

Семинардын экинчи бөлүгүндө “Strayk” компаниясынан келген эксперт Динара Бастаубаева презентациясында плагиатты аныктоодо колдонулган программалык камсыздоо тууралуу маалымат берди. Бул бөлүмдө катышуучулар “plagiat.kg” сайты аркылуу жеке катталуу менен өз иштерин көзөмөлдөөнү үйрөнүштү. Системанын иштеши тууралуу кеңири маалымат берилип, “Scopus” жана башка маалымат булактарынан ушуга окшош изилдөөлөр бар же жок экенин аныктоо боюнча түшүндүрүлдү.

Эксперт Бастаубаева жасалма интеллект аркылуу  тексттердин окшоштук көрсөткүчтөрү кандайча аныкталарын жана бул көрсөткүчтөр 0дөн 100гө чейин, жашылдан кызылга чейин түс шкаласында көрсөтүлөрүн айтып берди. Анын айтымында, колдонуучулар бул маалымат базасы аркылуу изилдөөдө колдонулган бардык булактардын тизмесин да көрө алышат.

Профессор Режаи Доган мындай программалык камсыздоонун илимий этиканы жана тактыкты камсыздоого жардам бергенин жана илим дүйнөсүндөгү плагиат көрсөткүчтөрүн азайтуу үчүн маанилүү кадам болгонун белгиледи. Презентациялардан кийинки суроо-жооп бөлүмүндө катышуучулар баяндамачыларга өздөрүн кызыктырган темаларды суроого мүмкүнчүлүк алышты.

2023-2024-окуу жылында ийгиликтүү жыйынтыкталган “Изилдөөнү долбоорлоо боюнча семинарлар” катышуучуларга илимий изилдөө процесстеринде көңүл бурушу керек болгон этикалык эрежелер жана плагиатты аныктоо ыкмалары тууралуу баалуу маалыматтарды берди.

Бул иш-чаралардын сериясы университеттин илимий изилдөө маданиятын бекемдөө аркылуу келечектеги изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойноду. Семинарлар жемиштүү өтүп, катышуучуларга этикалык принциптер жана илимий изилдөөлөрдөгү плагиатты аныктоо боюнча кеңири перспектива берди.

Иш-чара баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7vhqN7tFv5/

    Социалдык медиада бөлүшүү