“Манас” университети менен Наманган университети ортосундагы археологиялык кызматташуу


  • 2024-06-06

2023-жылы Наманган университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосундагы академиялык кызматташуу протоколунун негизинде 2024-жылдын 4-июнь күнү маанилүү сапар уюштурулду.

Сапардын алкагында 3-13-июнь күндөрү археологиялык эстеликтер, тарыхый музейлер менен таанышууга жана археологиялык казууга катышуу үчүн “Манас” университетинен гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Кубатбек Табалдиев менен биргеликте 13 студент, 1 магистрант Наманган мамлекеттик университетине кетишти.  

Иш-чаранын жүрүшүндө 5-июнда Наманган мамлекеттик университетине жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Наманган мамлекеттик университетинин биринчи проректору, профессор Нариман Дехканов, илимий иш-аракеттер боюнча жооптуу проректор, профессор Агзам Расулов жана коомдук илимдер факультетинин деканы, профессор Шухрат Айдаралиев катышты.

Жыйындан кийин студенттер тарыхта таанымал коло доорунун Чуст археологиялык эстелигине барып, быйылкы казуу жыйынтыктары менен таанышып кайтышты. 

6-июндан тартып байыркы Аксикент шаарындагы археологиялык казууну, археологиялык эстеликтер менен таанышууну мазмундуу өткөрүү үчүн эки университет өкүлдөрү аракеттенүүдө. Алгачкы  башталган илимий-практикалык кызматташтыкка бардык катышуучулар кызыктар.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C732csFtbdA/

    Социалдык медиада бөлүшүү