“Манас” университети ТүркПАнын XIII пленардык отурумунда


  • 2024-06-10

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) XIII пленардык отуруму Азербайжан Республикасынын Улуттук Мажлисинин чамгарагында 2024-жылдын 6-июнунда Баку шаарында болуп өттү.

Бул маанилүү жыйынга ТүркПАга мүчө парламенттердин башкы катчылары, байкоочу жана конок өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары, түрк кызматташтык уюмдары, эл аралык уюмдар жана башка кызматташтык институттарынын өкүлдөрү чогулушту.

Пленардык отурумга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүл катышты. Пленардык отурум “Түрк дүйнөсү үчүн жашыл горизонттор: жашыл күн тартибине жетишүүдө парламенттердин  ролу” аталышында өткөрүлдү. Ага ылайык, профессор Октай Өзгүл жыйында “Келечектеги түрк дүйнөсүндө жашыл күн тартибинин колдонулушу” деген темада сөз сүйлөдү.

Профессор Октай Өзгүл өз сөзүндө 2020-2021-жылдардагы экономикалык жана пандемиялык кризис экономикалык жана социалдык реформалардын зарылдыгын жана жетишсиз өндүрүш жана керектөө тең салмактуулугунун алсыздыгын ачыкка чыгарганын белгиледи. Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан экологиялык көйгөйлөрдүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, көмүртекти азайышы, туруктуу жана инклюзивдүү өсүш үчүн жашыл жумуш орундарын түзүү, теңчиликтүү жана өзгөргөн шарттарга ыңгайлашкан экономикалык структура жана дени сак коом түзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Профессор Октай Өзгүл экологиялык аң-сезимдин маанилүүлүгүн баса белгилеп: “Буга байланыштуу ар бир тармакта энергияны колдонууну азайтуу жана акылдуу чечимдерди колдонууну колдоо, адилеттүү, дени сак жана экологиялык таза тамак-аш системасын долбоорлоо, экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана жакшыртуу, айлана-чөйрө үчүн нөлдүк булгануу максаты коюлушу керек”, - деди.

Профессор Өзгүл түрк дүйнөсүнүн айлана-чөйрөнү коргоо аракеттеринде маанилүү роль ойной ала турганына көңүл буруп, мындай деп улантты:  “Бул процессти ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн “Европа жашыл келишими” сыяктуу Түрк дүйнөсү жашыл келишимин түзсө болот. Түрк мамлекеттеринин парламентарийлери бул келишимге локомотив милдетин ала алат.”

“Манас” университети тарабынан ишке ашырылган долбоорлордон мисал келтирген профессор Өзгүл: “Ректордун көрсөтмөсү менен университетте 2020-2023-жылдар аралыгында акысыз кызмат көрсөткөн ден соолукту чыңдоо борборунун толук кандуу структурага айланышы, жашылдандыруу жана бак өстүрүү сыяктуу долбоорлор менен энергияны, сууну үнөмдөө долбоорлору сыяктуу аракеттердин аркасында маанилүү ийгиликтерге жетиштик. Бул аракеттердин натыйжасында   “Манас” университети QS жана GreenMetric рейтингинде Кыргызстандагы жалгыз жана эл аралык деңгээлде көрүнүктүү ийгиликке жетишти. 85 өлкөдөн 1183 университет орун алган GreenMetricте 2023-жылы 589-орунга көтөрүлүп, “Дүйнөдөгү эң туруктуу университеттердин” арасына кирди. Ошондой эле QS Stars 4 жылдыз алган университет QS рейтингинде Азия чөлкөмүндө 281, Борбордук Азияда болсо 13-орунду ээледи”, - деди.

“Манас” университети жашыл күн тартибине даяр!

Кыргыз-Түрк “Манас” университети буга чейин ишке ашырган жана келечекте ишке ашырууну пландаган инвестицияларынын жардамы менен жашыл күн тартибине жетишүүгө ар дайым даяр экендигин баса белгилеген профессор Өзгүл сөзүн бул маанилүү билдирүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8EE4oVNCkV/

    Социалдык медиада бөлүшүү