ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунун алгачкы жыйыны болуп өттү


  • 2024-06-12

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 25.04.2024-жылдагы №2024-01 жыйынында кабыл алынган №3 чечимине ылайык, маанилүү биригүүгө кол койду.

Окуу жайдын курамындагы Коомдук илимдер институту, Табигый илимдер институту, Евразия тил, тарых жана археология илим-изилдөө институту, Салттуу оюн жана спорт изилдөө институту, Саламаттыкты сактоо илимдери институту “ЖОЖдон кийинки билим берүү институту” деген ат менен бириктирилди.

Буга байланыштуу түзүлгөн  ЖОЖдон кийинки билим берүү институту алгачкы жыйынын 2024-жылдын 12-июнь күнү “Манас” университетинин окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында өткөрдү.

ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунун мүдүрү, профессор Исмет Алтынташтын жетекчилигинде өткөрүлгөн жыйынга тийиштүү бөлүмдөрдүн башчылары катышты. Жыйындын  ачылыш сөзүн сүйлөгөн профессор  Алтынташ институтта 25 билим багытында 27 магистратура жана 17 докторантура программасы менен жалпысынан 44 программа иш алып барып жатканын айтты. Мындан тышкары, программалардын учурдагы абалы жана алардын жаңы процесстеги иш-аракеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

Жыйында институттун кеңешинин күн тартибине көңүл буруу менен институттардын жана билим багыты боюнча бөлүмдөрдүн коддору менен институттун милдеттүү сабактарынын коддору аныкталды. Институттун Башкаруу кеңешин шайлоо аркылуу маанилүү чечимдер кабыл алынды. Жыйын тийиштүү билим багыты боюнча бөлүмдөрдүн башчылары айткан конструктивдүү сунуштар жана каалоо-тилектер менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8JNOYnNH1_/

    Социалдык медиада бөлүшүү