2023-2024-окуу жылынын магистратура жана докторантура (Ph.D.) программаларынын бүтүрүү аземи


  • 2024-06-27

2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук имаратынын жыйындар залында 2023-2024-окуу жылынын магистратура жана докторантура (Ph.D.) программаларынын бүтүрүү аземи болуп өттү.

Бүтүрүү аземи эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталып, университеттин таанытуу тасмасын көрсөтүү менен уланды.

Бүтүрүү аземинин ачылыш сөзүн сүйлөгөн ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунун мүдүрү, профессор Исмет Алтынташ институт тууралуу жалпы маалымат берди. Профессор Алтынташ Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өзгөчөлүгүнө көңүл буруп: “Манас үй-бүлөсүндө сүйүү, урмат-сый, тилектештик жана кызматташтыкты эң жогорку деңгээлде камсыз кылган түшүнүк бар. Бул университет ар бир көргөн көз  үчүн сулуулук, сезген ар бир жүрөк үчүн жылуулукту алып жүрөт”, - деди.

“Манас” университети чынардай күчтүү жана коргоочу экенин баса белгилеген профессор Алтынташ бүтүрүүчүлөргө “Университет кыялданбаган, али жазыла элек китепти окууга ачылган эшик. Бул эшиктен өтүү сиздерге насип болуптур. Жолуңуздар ачык болсун!”, - деп ийгиликтерди каалады.

Бүтүрүү - бул татаал процесстин артынан кийин келген ийгилик

Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев ачылыш сөзүндө бүтүрүү татаал процесстен кийин келгенин баса белгилеп, “Аябай мээнет кылдыңыздар, чарчадыңыздар, таттуу жана ачуу күндөр өттү. Бүгүн диплом алгандан кийин жаңы таза барак ачылып жатат”, -деди. Бул жаңы барактын толугу менен студенттердин мамилеси, жүрүм-туруму жана чечимдери менен калыптанарын баса белгилеген саясий илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев: “Эми ошол жерге эмне жазып, эмне толтурасыздар, тарых катары эмне калтырып кетесиздер өзүңүздөргө байланыштуу болот, баалуу болот, баардык нерсе өзүңүздөрдүн колуңуздарда”, -деди.

Тагдырга ишенүүнүн, ошол эле учурда аны жаратуунун маанисине токтолгон саясий илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев: “Ийгиликтүү болуп, болбой турганыбыз өзүбүзгө гана тиешелүү. Бүгүнкү мүмкүнчүлүктү пайдаланып, токтобостон иштей бериңиздер жана ийгиликтерге жетишиңиздер”, -деди.

“Манасты” бүтүрүү – чоң сыймык!

Андан соң сөз сүйлөгөн “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сөзүн салтанаттуу аземдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирүү менен баштады. Бүтүрүүчүлөргө кайрылып, “Силер кыйынчылыкты тандадыңыздар жана ийгиликтүү болдуңуздар. Өзүңүздөр менен сыймыктансаңыздар болот. “Манастан” докторантура, магистратура программаларын бүтүрүү - чоң сыймык. Кыргызстанга, Түркияга жана түрк дүйнөсүнө  илим адамдарды даярдоо – “Манас” университетинин негизги милдети”, - деди.

Ректор, профессор Жейлан: “Университеттер бүтүрүүчүлөрдүн же студенттердин саны менен эмес, алар билим берген студенттердин сапаты менен өлчөнөт”,- деп билим берүүдөгү сапаттын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Биздин бүтүрүүчүлөр Борбордук Азияда, Түркияда жана дүйнөдө чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз”, - деген ректор, профессор Жейлан Чыңгыз Айтматовдун “Адамга эң кыйыны – күн сайын болуу” сөзү менен жыйынтыктады.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин “Түрк дүйнөсү” оркестринин солисттери Азат Садыков жана Элмира Тажиева сахнага чыгып, бири-биринен өткөн жагымдуу ырларды аткарышты.

Бүтүрүүчүлөрдүн атынан куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Корея Республикасынын жараны док. Ван Гук жана Казакстан Республикасынын жараны, док. Женгиз Бегимкулов “Манас” университетин бүтүргөнү үчүн сыймыктангандарын айтып, салым кошкон бардык академиялык жана административдик кызматкерлерге ыраазычылык билдиришти.

Салтанаттуу аземдин толкунданткан бөлүгүндө докторантура жана магистратура программаларынын бүтүрүүчүлөрүнө жетишкендиктери үчүн грамоталарды тапшыруу менен башталды. Университеттин жетекчилери, факультеттердин декандары жана бөлүм башчылары тарабынан тапшырылган грамоталар сахнада сыймыктануу менен бирге эмоциялуу көз ирмемдерди жаратты.

Салтанаттуу азем эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары бүтүрүүчүлөрүбүздү куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!

    Социалдык медиада бөлүшүү