Эл аралык “Евразия экономикасы” конгресси “Манас” университетинин чамгарагында өттү


  • 2024-07-01

2024-жылдын 26-27-июнь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында уюштурулган кезектеги Эл аралык “Евразия экономикасы” конгресси болуп өттү.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн конгресс түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана ынтымагын бекемдеген маанилүү платформа катары өзгөчөлөндү.

Иш-чара “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Стамбул Бейкент университетинин ректору, профессор Волкан Өнгел жана Догуш университетинин ректору, профессор Тургут Өзкан, “Манас” университетинин проректору, доцент Камалбек Карымшаков, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, Стамбул Бейкент университети, Догуш университети,  Измир Бакырчай университети жана башка түрдүү өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан келген академиялык чөйрөнүн алдыңкы ысымдары менен КТМУнун профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда болуп өттү.

Конгресс КТМУнун экономика жана башкаруу факультетинин мурдагы деканы, Догуш университетинин ага окутуучусу, профессор Селахаттин Сарынын ачылыш сөзү менен башталды. Профессор Селахеттин Сары өз сөзүндө конгресстин мааниси жана максаттары тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Конгресстин ачылыш отурумунда “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Стамбул Бейкент университетинин ректору, профессор Волкан Өнгел жана Догуш университетинин ректору, профессор Тургут Өзкан сөз сүйлөштү.

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө “Манас” университети түптөлгөндөн бүгүнкү күнгө чейин алтын көпүрө катары түрк дүйнөсүнө кызмат кылып келгенин белгиледи. Ректор, профессор Жейлан : “Университетте канча деген конгресстер өткөрүлүп келет. Бирок алардын саны маанилүү эмес, маанилүүсү – анда берилген маалыматтардын мазмуну.”

Иш-чаранын пленардык отурумунда Догуш университетинин ага окутуучусу, профессор Селахаттин Сарынын модераторлугунда өтүп, анда баяндамачылар; Швециянын Линнеус университетинен док. Хейко Фриц, Измир Бакырчай университетинен док. Сезер Кахьяоглу, “Манас” университетинин экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмүнөн Доц.м.а.док. Разияхан Абдиева менен Доц.м.а.док. Жунус Ганиев баяндама жасашты.

Эки күнгө созулган конгресстин жүрүшүндө баяндамачылар “Макроэкономика”, “Микроэкономика”, “Финансы”, “Саламаттыкты сактоо жана айыл чарба”, “Экологиялык экономика”, “Региондук экономика”, “Тармактык анализ” жана башка темалардын алкагында өткөн отурумдарда баяндама жасашты.

Иш-чара катышуучуларга пикирлерин бөлүшүүгө, түрк дүйнөсүнүн келечеги жана экономикалык кызматташтык багытында терең талкуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган чөйрө жаратты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C84zpUrNHNK/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C84CPyfNNGK

    Социалдык медиада бөлүшүү