Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Ибраев ректорлордун II форумуна катышты


  • 2024-07-17

2024-жылдын 16-17-июль күндөрү Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун II форуму уюштурулду.

Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин жетекчилигинде өткөн форумга Кыргызстан менен Өзбекстандан 30дан ашык университет катышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да катышкан форумда окуу жайыбыздын атынан биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев орун алды.

Форумдун негизги максаты - эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда туруктуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү, билим берүү процессинде илимий изилдөө тажрыйбаларынын жана билим берүү ыкмаларынын үлгүлөрү менен бөлүшүү, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу келишим инструменттеринин негизинде эл аралык билим берүү программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу, профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин мобилдүүлүгүн арттыруу болуп, бул жылы “Өзбекстанда жана Кыргызстанда азыркы этапта жогорку билим берүүнүн жана илимдин өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү” деген темада уюштурулган.

“Билим берүүнү башкаруунун сапатын жогорулатуу” аттуу отурумда биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев “Манас” университети тууралуу презентация жасады. Презентациясында “Манас” университети менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда түзүлгөн келишимдер жана учурда КТМУда окуп жаткан өзбекстандык студенттердин абалы тууралуу маалымат берди. Саясий и.к., доцент Ибраев өз сөзүндө окуу жайдын эл аралык келишимдерине, айрыкча, Түрк Кеңешинин Түрк Университеттер Ассоциациясына (TÜRKÜNİB) токтолду.

Форумда Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен эки тараптуу келишим мүмкүнчүлүктөрү, студенттик жана профессордук-окутуучулук курамдын мобилдүүлүгү сыяктуу кызматташууга боло турган маселелер да каралып, “Манас” университети менен билим берүү, маданият жана искусство тармактарында иш алып барууну каалаган университеттер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Наманган курулуш-инженердик институту, “Жибек Жолу” эл аралык туризм университети, Мирзо Улугбек атындагы Самарканд мамлекеттик архитектура-курулуш университети, Андижан мамлекеттик университети жана Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети менен кызматташтык протоколуна кол коюлду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C9hZkZTtJKA/?igsh=NW51eXh5dnM3MGc5  

    Социалдык медиада бөлүшүү