Ректор Алпаслан Жейлан “Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы үчүн” сыйланды


  • 2024-08-03

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Жибек Жолу” фонду тарабынан “Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы үчүн” сыйланды.

“Жибек Жолу” фондунун Башкаруу кеңешинин 2024-жылдын 5-июлундагы №63 чечими менен; жалпы түрк дүйнөсүндө маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөндүгү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өнүгүүсүнө зор салым кошуп, анын түрк дүйнөсүнө жана дүйнөгө таанылышын камсыздап, кадыр-барктуу университеттердин катарына кирүүсүнө салым кошкондугу, Түркия жана Кыргызстандын достугун жана кызматташтыгын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы, Жибек Жолунун аймагында Кыргызстандын жана Түркиянын кадыр-баркына, илимий жана интеллектуалдык биримдигине кошкон салымы, түрк дүйнөсүнүн улуттук жана руханий кызматташтыгы жана өнүгүүсү үчүн жигердүү иш алып баргандыгы үчүн профессор Алпаслан Жейлан “Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы үчүн” сыйлыгы менен сыйланды.

Сыйлык 2024-жылдын 31-июлунда Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министри Юсуф Текиндин катышуусундагы “Жети континенттен Түркияга жайкы билим берүү иш-чаралары” алкагында өткөрүлгөн аземде ректор, профессор Алпаслан Жейланга тапшырылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C-MeubfN-XR/?img_index=1

    Социалдык медиада бөлүшүү