Чанкыры Каратекин университетинин ректору “Манас” университетине келди


  • 2024-09-16

2024-жылдын 16-сентябрында Чанкыры Каратекин университетинин ректору, профессор Харун Чифтчи баштаган делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди. Иш сапардын алкагында биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, университеттин жетекчилиги жана профессор Харун Чифтчи жолугуп, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен илимий долбоорлор, семинарлар, академиялык кызматкерлер жана студент алмашуу программалары сыяктуу түрдүү темалар талкууланды. Ошондой эле билим берүү тармагында туруктуу кызматташтыкты, академиялык байланыштарды мындан ары бекемдөө боюнча өз ара пикир алмашуулар болду.

Ректор, профессор Харун Чифтчи “Манас” университетинин түрк дүйнөсүндөгү карым-катнаштарды бекемдөөдө маанилүү роль ойноорун билдирип, эки университеттин ортосунда жүргүзүлө турган кызматташуунун чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, “Манас” университети билим берүү дипломатиясынын мыкты үлгүлөрүнүн бири экендигин айтып, келечектеги кызматташтыктын түрк географиясындагы байланыштарды дагы да бекемдей турганын билдирди.

Иш сапардын соңунда “Манас” университетинин биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев ыраазычылык билдирип, мындай деди: “Кыргызстан сиздердин экинчи үйүңүздөр. Тилибиздин, маданиятыбыздын, тарыхыбыздын тамыры бир. Ал эми “Манас” университети Кыргызстандагы алдыңкы университеттердин бири.”

Жолугушуу биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраевдин Чанкыры Каратекин университетинин ректору, профессор Харун Чифтчиге белек тапшыруусу менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DAAUhNetmM2/?igsh=M2Q0ZTd5bHd4c2py

    Социалдык медиада бөлүшүү