КТМУнун кызматкерлерине электрондук документ жүгүртүү системасы тууралуу окутуу тренинги өткөрүлдү


  • 2024-09-20

2024-жылдын 20-сентябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык жана административдик түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан электрондук документ жүгүртүү системасы тууралуу атайын окутуу тренинги жүргүзүлдү.

Аталган тренинг КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, факультеттер, декандар жана бөлүмдөрдүн катчылары, ошондой эле административдик түзүмдөрдүн тиешелүү кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Өлкөдөгү алдынкы мамлекеттик IT-компания – “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын башкы адиси Бегимай Бактыбекова, маалымат системалары боюнча адистер Касиет Алишерова жана Аделя Бакаева университеттин кызматкерлерин электрондук документ жүгүртүү тутуму менен тааныштырып, анда түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан документтерди даярдоону, тариздөөнү, макулдашууну, аткарылышын көзөмөлдөө боюнча деталдуу маалымат беришти.

Университеттин кызматкерлеринин бул системаны жеткиликтүү деңгээлде колдоно билүү зарылчылыгы талапка ылайык экенин айткан биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев окутуунун максатын түшүндүрүп, ички жана тышкы документтерди так жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат органдары “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу иш алып барууда.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAIt_4ptKNz/

    Социалдык медиада бөлүшүү