TÜBA Университет конференциялар сериясы башталды: Профессор Азми Өзжан “Манас” университетинде


  • 2024-09-26

2024-жылдын 25-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Түркия Илимдер академиясынын (TÜBA) Университет конференциялар сериясынын алкагында уюштурулган маанилүү иш-чара болуп өттү.

Фатих Султан Мехмет Фонду университетинин окутуучусу, Түрк тарых коому илимий кеңешинин мүчөсү, профессор Азми Өзжан “Түрктөрдүн тарыхы жана Кут алчу билим” деген аталышта илимий семинар өтүп, катышуучулардын тарыхый аң-сезимине таасир берген презентация жасады.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында уюштурулган аталган маанилүү иш-чарага биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, көптөгөн окутуучулар жана студенттер катышты.

Тарыхый аң-сезимге басым жасоо

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев тарыхый аң-сезимдин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, мындай деди: “Биз өзүбүздүн тарыхыбызга кам көрүшүбүз керек. Биздин миңдеген жылдык тарыхыбыз бар жана бул тамыры терең тарых менен ар дайым сыймыктанышыбыз керек.”

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө тарыхты билүү коомдун түпкү булагы экендигин баса белгилеп, ушундай академиялык иш-чаралар жаш муундардын тарыхый аң-сезимин жогорулатууда маанилүү роль ойноорун айтты.

Семинарда профессор Азми Өзжан  меймандостугу үчүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетине ыраазычылык билдирди. Профессор Өзжан презентациясында түрктөрдүн тарых бою башынан өткөргөн маанилүү этаптарына токтолуп, катышуучуларга тарыхый узун сапар тууралуу толук маалымат берди.

Иш-чарада түрк тарыхынын этаптарын жана маданий мурастарын тааныштырган  профессор Азми Өзжан  "Кут алчу билимдин” бул тарыхый процесстеги маанисине өзгөчө көңүл бурду. Чыгарманын бир гана насаат берүүчү эмгек эмес, ошол эле учурда маданият багыттоочу экендигин айткан профессор  "Кут алчу билимден” маанилүү саптарды айтуу менен студенттерге шыктандыруучу кеңештерди берди.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар түрк тарыхы боюнча суроолоруна жооп алышты. Иш-чаранын соңунда уюштурулган суроо-жооп бөлүмү кызуу талкууну жаратты.

Иш-чара  КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраевдин профессор Азми Өзжанга ыраазычылык баракчасын тапшырып, жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

TÜBA Университет конференциялар сериясынын алкагында профессор Азми Өзжандын "Тарых жана иденттүүлүк" аттуу кийинки семинары 2024-жылдын 27-сентябрында өтөт.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DAaPq0cti2h/?img_index=1

    Социалдык медиада бөлүшүү