“Манас” университетинин окутуучусу “Дүйнөдөгү эң таасирдүү илимпоздор” тизмесине кирди


  • 2024-10-01

Илим жаатында алдынкы иштери менен көңүлдөрдү бурган Кыргыз-Түрк “Манас”  университети эл аралык аренада дагы бир маанилүү ийгиликке жетишти.

Стэнфорд университетинин Голландияда жайгашкан “Elsevier” илимий басылмасы менен биргеликте даярдаган “Дүйнөнүн эң таасирдүү илимпоздору” аттуу тизмесине “Манас”  университетинин инженердик факультетинин экология инженерлиги бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мехмет Кобйа да орун алды.

Илимпоздор эл аралык критерийлер боюнча бааланды

“Elsevier” маалыматтар базасында жарыяланган бул тизме илимпоздордун карьералык ишмердүүлүгүндө жүргүзгөн квалификациялуу академиялык изилдөөлөрүнүн негизинде даярдалган.

Жыл сайын жарыяланган бул престиждүү тизме илимпоздорду эки категорияда баалайт: “Карьерадагы таасир” жана “Жылдык таасир”. Дүйнөдө эң көп шилтеме берилген 22 негизги илим тармагы жана 174 илим тармагынын рейтингинде илимпоздордун карьералык ишмердүүлүгүндөгү изилдөөлөрү эске алынат. Мындай баалоолордун жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк деңгээлде 2% га киргендердин бири профессор Мехмет Кобйа болду.

Профессор Мехмет Кобйадан студенттерге кеңеш

Саркынды сууларды тазалоо технологиялары жана электрохимиялык процесстер жаатындагы иштери менен таанылган профессор Мехмет Кобйа бул маанилүү ийгиликке жетүүнүн сыры максат коюу менен иштөө жана илимий адабияттарды мыкты өздөштүрүү экенин баса белгиледи. Жаш изилдөөчүлөргө, магистранттарга жана докторанттарга талыкпай эмгектенип, мыкты байкоочу болуп, илимге ынтызарлык менен мамиле кылуу керектигин айтты. Профессор Мехмет Кобйа көптөгөн эл аралык симпозиум жана конгресстерге активдүү катышуу менен илимге салым кошууну улантып жатканын кошумчалады.

Дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтерге жетишкен инженердик факультетинин экология инженерлиги бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мехмет Кобйаны Кыргыз-Түрк “Манас”  университетинин жалпы жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктап, ага албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAm2Qtlt8M6/

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/P59uJE4_9ac?si=8BVY_oBE7OuRfeq

    Социалдык медиада бөлүшүү