Ректор Жейлан Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы Өзвар менен жолугушту


  • 2024-10-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзвар менен жолугушту.

Профессор Эрол Өзвар өзгөчө көңүл буруп, маани берип келишкен “Манас” университетинин тездик менен өнүгүүсү аларды кубантканын, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы академиялык жана социалдык байланыштардын бекем негизин түзгөн бул көрүнүктүү мекемени ар дайым колдой тургандыктарын айтты.

Профессор Өзвар “Манас” университети аймактагы престиждүү жогорку окуу жайлардын бири экенин, сыймыктанууну жараткан бул университеттин бардык долбоорлорун колдоп, Түркиянын университеттери менен биргелешкен долбоорлорду арттырып, студенттер жана окутуучуларды алмашуу программаларын жайылтуу иштерин уланта тургандыктарын кошумчалады.

Ректордун акыркы төрт жылда университетте жемиштүү иш алып барганын баса белгилеген Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы Өзвар Алпаслан Жейлан жаңы мөөнөттө дагы ийгиликтерди арттырат деген ишеничин билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан профессор Эрол Өзварга зор тажрыйбасы жана пикирлери менен “Манас” университетинин өнүгүшүнө чоң салым кошконун, окуу жайга болгон кызыгуусуна кубанычта экенин айтып, ага ыраазычылык билдирди.

Алпаслан Жейлан: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети үй-бүлөсү катары чоң максаттарга жетип, эки негиздөөчү өлкө; Түркия жана Кыргызстандын, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн элдеринин бизге болгон ишенимин бекемдөөнү, заманбап долбоорлорубуз менен окуу жайыбызды дагы да алдыга жылдырууну уланта бермекчибиз. Түркиянын академиялык чөйрөдөгү чоң тажрыйбасы Кыргызстанга айрыкча Жогорку билим берүү комитети аркылуу берилет. “Манастын” дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин бири болгонуна баарыбыз чогуу күбө болобуз”, - деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Биз максаттарыбызды ишке ашырууда эң чоң күчтү зор салым кошкон “Манас” университетинин ийгилигинин архитекторлору - Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдон алабыз. Аларга канчалык ыраазычылык билдирсек да аздык кылат. Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп жаңы дайындалган профессор Ибрахим Чапак менен да күчүбүз бекемделди. Биргеликте дагы чоң иштерди алып барып, урматтуу президенттерибиз койгон дүйнөлүк университет болуу максатына карай тездик менен алдыга жылууга умтула бермекчибиз” , - деди.

Жолугушууда Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзвар мүмкүнчүлүк болоору менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетине барууга убада берди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAygGXPNxrr/

    Социалдык медиада бөлүшүү