Ататүрк университети менен кызматташтыктын жаңы багыттары


  • 2024-10-09

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан Ататүрк университетинин ректору болуп жаңы дайындалган PhD., профессор Ахмет Хажымүфтүоглу менен жолугушту.

Куттуктоо сапарынын жүрүшүндө көп тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Кызматташуу келишими эки университеттин ортосундагы  академиялык, илимий жана социалдык байланыштарды бекемдөө максатын көздөйт.

Келишимде студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу жана жыйындарды уюштуруу каралган. Эки өлкөнүн жаштарына жана түрк дүйнөсүнө зор салым кошуу үчүн орток иш-аракеттерди жасоо пландаштырылууда.                                                                                                      

Ататүрк университетинде көп жылдар бою сабак берген жана 2020-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору кызматына дайындалган PhD., профессор Алпаслан Жейлан жолугушууда академиялык жашоосунда маанилүү орунду ээлеген Ататүрк университетинде болгонуна абдан кубанычта экенин айтты.

Алпаслан Жейлан академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктери менен тааныган ректор, PhD., профессор Хажымүфтүоглунун университеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп, жаңы кызматында ийгилик каалады. Эки боордош университет түрк дүйнөсүнүн башка университеттери менен бекем кызматташтыктарга кол коёт деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, PhD., профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси кызматын да аркалаган PhD., профессор Хасан Түркез менен PhD., профессор Хасан Йылмазды проректор кызматына дайындалганы менен куттуктап, эки университеттин ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине PhD., профессор Түркез менен PhD., профессор Йылмаз дагы өз салымдарын кошоорун белгиледи.

Ататүрк университетинин ректору, PhD., профессор Ахмет Хажымүфтүоглу ошондой эле бул келишим эки окуу жайдын бири-биринен көп нерсе үйрөнө турган процесстин башталышы экенин баса белгиледи.

“Манас” университети менен болгон байланыштын тамыры терең экенин белгилеген Хажымүфтүоглу кол коюлган келишим менен бул байланыштарды мындан ары бекемдөө үчүн кадам жасап, билим берүү жана изилдөө жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен эки өлкөнүн жаштарын келечекке жакшы даярдоого умтулушканын айтты.

PhD., профессор Алпаслан Жейлан  PhD., профессор Ахмет Хажымүфтүоглуну Ата Журтка чакырды жана бул жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DA7h_6ZtGoF/?hl=e

    Социалдык медиада бөлүшүү