Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына арналган “Тарых барактары” сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Белгилүү сүрөтчү Аким Турганбаевдин эмгектери орун алган аталган көргөзмө 2024-жылдын 9-октябрында Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында искусство сүйүүчүлөрү менен жолугушту.
Көргөзмөнүн ачылышына КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Режаи Доган, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Күршад Гүлбейаз, окутуучулар, студенттер жана көптөгөн искусство сүйүүчүлөрү катышты.
Көргөзмөнүн ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан Аким Турганбевдин чыгармачылыгы кыргыз маданиятын жана турмушун эң мыкты чагылдырарын баса белгилеп: “Өнөр адамы өз коомунан ажыраса, анда анын чыгармаларынын мааниси калбайт. Коомун жана өзөгүн сактаган өнөр адамдары башкаларга да пайда алып келет. Бул жагынан алганда, Аким мырза абдан баалуу сүрөтчү жана анын окуу жайыбызда көргөзмө ачканы жаңы муундун студенттери үчүн шыктандырган булак болот,” – деди.
Искусство жаратуу гана эмес экенине токтолгон ректор, PhD., профессор Жейлан сүрөтчүнүн эң маанилүү милдеттеринин бири шакирттерди даярдоо экенин айтып: “Жаштар үйрөнүүгө ынтызар, алардын өнөр адамдарынан үйрөнө турган көп нерсеси бар. Ушул жаатта Аким мырзанын билимин жана тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүүсүн каалайбыз. Окуу жай катары сүрөтчүнүн тажрыйбасынан пайдаланабыз деген үмүттөмүн,” – деп кошумчалады.
Сөзүнүн аягында PhD., профессор Жейлан сүрөтчүгө ийгилик каалап, искусство дүйнөсүндө анын эмгектерин дагы көптөгөн көргөзмөлөрдөн көргүсү келерин билдирди.
Андан соң көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Күршад Гүлбейаз иш-чарада сүрөтчү тууралуу маанилүү маалымат берип, Турганбаевдин эмгектери кыргыз маданиятын жана түрк элементтерин терең чагылдырарын баса белгиледи. Профессор Гүлбейаз: “Аким Тургунбаев белгилүү кыргыз сүрөтчүсү катары искусство дүйнөсүндө көрүнүктүү орунду ээлейт. Аны менен биздин университетте жолугушуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз,” – деди.
Белгилүү сүрөтчү Аким Турганбаев “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейланга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, өзүнүн эмгектери жөнүндө маанилүү маалымат берди.
Сүрөтчү: “Тарыхка байланыштуу чыгармаларым Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына арналды. Айрым эмгектерим VI-VII кылымга дагы байланыштуу. Калган эмгектеримдин көпчүлүгү белгилүү кыргыз жазуучуларынын; Чыңгыз Айтматовдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларындагы жана Кокон хандыгындагы окуяларды чагылдырат”, - деди. Мындан тышкары, Турганбаев 1916-жылдагы Үркүн окуясына арналган эмгектери тууралуу айтып берип, сөзүн мындай деп улантты: “Бул тарыхый окуянын кыргыз элинин эс-тутумунда терең изи бар жана бул эскерүүлөрдү эмгектеримде жашатууга аракет кылып келем.”
Семен Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында эмгектенген чебер сүрөтчү сөзүнүн аягында кыргыз-түрк достугуна басым жасап, “Кыргыз-түрк достугу дайыма улана берсин жана бекем болсун!” – деген каалоосун билдирди.
Турганбаевдин эмгектери “Манас” университетинде уюштурулган көргөзмөдө чоң кызыгууну жаратты. Сүрөтчү Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет”, “Тоолор кулаганда”, “Чыңгызхандын ак булуту”, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” сыяктуу кыргыз адабиятынан маанилүү чыгармаларынан улам жаралган шыктандыруучу сүрөттөрү менен искусство сүйүүчүлөрүн суктандырды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DA8OZ7dNLfN/
Instagram:
https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DA8KKoEtlUT
Manas TV'nin Haberi: