Кыска метраждуу тасмалар категориясында “Манас” университети биринчи орунду алды


  • 2024-10-10

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттери ТРТ тарабынан быйыл 10-жолу уюштурулган “Келечектин коммуникаторлору” сынагында чоң ийгиликке жетишти.

Сынакта коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенттери Назгүл Өмүржанова менен Нестан Мухамбеткалыева кыска метраждуу тасма жана анимация категориясында финалга чыгышса, ал эми Сауле Муканбетова “Үмүт” аттуу тасмасы менен биринчи орунду ээледи.

Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу Наргиза Маматкулова жана академиялык адис Фахри Тархандын жетекчилиги астында жеңишке жеткен бул  сынакка 130 университеттен жалпы 2618 студент 1702 эмгек менен катышкан.

“Байланыш өнөктүгү” категориясын “ТРТнын 60-жылында” темасы менен өткөрүлгөн сынактын сыйлык тапшыруу аземине Түркия Республикасынын Президентинин коммуникация башкармалыгынын төрагасы, профессор Фахреттин Алтун жана орун басары Эврен Башар, ТРТнын башкы директору, профессор Мехмет Захид Собажы жана ТРТнын жетекчилери, ошондой эле тармактагы алдыңкы адистер катышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түркиянын коммуникация тармагындагы эң абройлуу сынактарында мыкты көрсөткүчтөрү жана алган сыйлыктары менен сыймыктантып келишет. Студенттерди куттуктайбыз жана аларга келечектеги долбоорлорунда да ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DA-43uYtWO4/

    Социалдык медиада бөлүшүү