Тарых бөлүмүнүн магистранттары чоң ийгиликке жетишти


  • 2024-10-11

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты мугалими – 2024” республикалык сынагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн магистранттары чоң ийгиликке жетишти.

Аталган сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өттү. Бул конкурс алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында уюштурулду. Сынактын республикалык этабына өлкөнүн жети дубанынан 17 предмет боюнча эң мыкты деп аталган 128 мугалим, 28 тарбиячы катышты.

Сынакта окуу жайыбыздын тарых бөлүмүнүн магистратура программасынын бүтүрүүчүсү Алдияр Ашырбеков жана тарых багытынын магистранты Курманбек Хайдаров  байгелүү орундарга ээ болушту.

Алдияр Ашырбеков бул конкурстун райондук жана шаардык этаптарынан 1-орунду багындырып, республикалык этапка катышууга жолдомо алган. Учурда Бишкек шаарындагы № 97 жалпы орто билим берүү мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары катары эмгектенип жаткан Ашырбеков финалдын 3-турунда эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгондугу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы”, “Жылдын мыкты мугалими” төш белгилери жана Ардак грамота менен сыйланып, Дубайга эс алууга жолдомо алды. Ошондой эле конкурстун шаардык турунда 1-орунга ээ болгону үчүн Алдияр Ашырбековго Бишкек шаарынын мэри тарабынан 100 000 миң сом ыйгарылды.

Аталган сынакта КТМУнун тарых багытынын магистранты, учурда Бишкек шаарындагы №94 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими болуп иштеп жаткан Курманбек Хайдаров дагы ийгилик жаратты. Курманбек Хайдаров Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча 1-орунду алып, компьютер менен сыйланды. Ал конкурстун Бишкек шаары боюнча этабында 3-орунду алып, “Жылдын мыкты тарых мугалими” номинациясына жана 60 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Кыргыз Түрк “Манас” университетинин атынан Алдияр Ашырбеков жана Курманбек Хайдаровду чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DA-LgpttmDH/

    Социалдык медиада бөлүшүү