Башкы катчы, PhD., профессор Октай Өзгүлдү узатуу


  • 2024-10-11

Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында өткөн окумуштуулар кеңешинин 2024-2025-окуу жылындагы алгачкы жыйынында кызмат мөөнөтү бүткөн башкы катчы, PhD., профессор Октай Өзгүл үчүн да узатуу программасы уюштурулду.

Кызмат учурунда “Манас” университетине кошкон баалуу салымы үчүн PhD., профессор Октай Өзгүлгө ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев тарабынан Ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле акыркы төрт жылда “Манас” университетинин жетишкен ийгиликтерине олуттуу салым кошкон PhD., профессор Октай Өзгүлгө билими жана тажрыйбаларынан пайдалануу үчүн “Ректордун кеңешчиси” кызматы ыйгарылды.

PhD., профессор Октай Өзгүл өз сөзүндө буларга токтолду: “Төрт жылдык кызмат учурунда биздин университеттин бардык тармакта өнүгүшү үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым. Мен кызматымды кесиптик жоопкерчилик деген түшүнүк менен гана эмес, улуттук парз жана ыйык жоопкерчилик деген түшүнүк менен аткардым. Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан дагы жаңы кызмат мөөнөтүндө ийгиликтүү иш алып барып, окуу жайды ар дайым алдыга карай өнүктүрөт деген ишеничтебиз. “Манас” университетинин үй-бүлөсү “Университеттен да артык...” деген ураан менен ийгиликтери артып, бизди сыймыкка бөлөй берет деп ишенем.”

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DA-zRF3N7Gh/

    Социалдык медиада бөлүшүү