9- “Түрк дүйнөсү” даректүү тасмалар фестивалында “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү баш байгеге ээ болду


  • 2024-10-23

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Алтынай Адамалиеванын “Кыя” аттуу фильми 9-ирет өткөрүлгөн “Түрк дүйнөсү” даректүү тасмалар фестивалында баш байгени ээледи.

Үстүбүздөгү жылдын 15-17-октябрь күндөрү Түркиянын Анкара шаарында  өткөрүлгөн фестивалдын гала жана сыйлоо аземи ТҮРКСОЙдун чамгарагында уюштурулду.

Быйыл аталган фестивалда 32 өлкөдөн 300 тасма катышып, алардын арасынан 36 тасма финалда ат салышкан. Даректүү тасмалар профессионалдар жана студенттер категориясында калыстар тобунун сынынан өткөн. Анда Адамалиеванын “Кыя” тасмасы студенттер категориясы боюнча жеӊишке озуп чыккан.

Фестивалда сыйлык алган жана финалга чыккан тасмалар Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түндүк Македония, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Босния жана Герцеговина өлкөлөрүндө көрсөтүлмөкчү.

“Манас” университетинин атынан бүтүрүүчүбүздү куттуктап, чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз! Жеңиш кут болсун!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBdNxr7t_-R/?igsh=MXNoMzdzdnFhajE1eA==

    Социалдык медиада бөлүшүү