Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында КТМУнун түркология бөлүмү тарабынан семинар өткөрүлдү.
Семинарды түркология бөлүмүнүн ага окутуучусу, ф.и.к., доц. Таалайбек Абдиев “Этимологиялык этюддар” аттуу темада өтүп, анда кыргыз тилинин тарыхый өнүгүшү жана этимологиялык аспектилери тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө ф.и.к., доц. Абдиев жер-суу аталыштарынын тарыхый жана маданий контекстте кандай калыптангандыгы жөнүндө айтып берип, кыргыз тилиндеги айрым фразеологизмдердин келип чыгышын карап, тилдин байлыгына көңүл бурду. Мындан тышкары, убакыттын өтүшү менен сөздөрдүн мааниси өзгөргөнүн жана тилдин башка түрк тилдери менен байланышын көрсөткөн мисалдарды келтирди.
Этимологиялык этюддардын бир тилдин өтмүшүн түшүнүүдө өтө маанилүү экендигин баса белгилеген ф.и.к., доц. Абдиев тилдин келип чыгышын изилдөө маданий иденттүүлүктү жакшыраак түшүнүүгө жардам берерин айтты.
Семинардын соңунда түркология бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Озан Йылмаз мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар тилди жана маданий мурастарды сактап, келечек муунга өткөрүп берүүдө чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. PhD., профессор Озан Йылмаз ф.и.к., доц. Таалайбек Абдиевге семинарды жогорку деңгээлде өткөнү үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DBii2zqNVcN/?igsh=MWxjb2c3dGNzaGo2Zw==