“Манас” университети Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун форумуна катышты


  • 2024-11-21

2024-жылдын 20-ноябрында Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган “Борбордук Азия университеттеринин трансформациясы глобалдык чакырыктардын контекстинде” деген темада беш мамлекеттин университеттеринин ректорлорунун форуму болуп өттү.

Борбордук Азия университеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн активдүү маселелерин, билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу пландаштырылган форумга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, PhD., профессор Камалбек Карымшаков, ошондой эле Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери, ректорлору, илимпоздору, окутуучулары жана эксперттер катышты.

Борбордук Азиядагы ЖОЖдордун ортосунда тажрыйба алмашууга арналган ректорлордун форумдары 2021-жылдан бери чөлкөмдүн жогорку билим берүү мейкиндигин түзүү жөнүндө декларацияга (Түркстан декларациясы) кол коюлгандан бери өткөрүлүп келет. Ал документте Борбор Азиянын маданий баалуулуктарын өнүктүрүүдө университеттердин негизги ролу баса белгиленген. Аталган декларацияда Борбор Азиянын жогорку билим берүүсү аркылуу жарандардын мобилдүүлүгүн арттырып, аларды ишке орноштуруу аркылуу чөлкөмдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Форумдун ачылыш сөзүн сүйлөгөн Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева тез өзгөрүп жаткан дүйнө, заманбап коркунучтар жана чакырыктар университеттерге жаңы талаптарды коюп жатканын белгилеп, “Университеттер өлкөдө мурдагыдан да маанилүү орундарды ээлей баштады. Алар экономикалык чөйрөнүн түздөн-түз катышуучуларына айланып, экономика тармактары үчүн инновациялар менен технологияларды жаратып, жумуш орундарын түзүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө болуп жатышат. Мында классикалык университеттердин трансформациясы, университеттердин ролун жана жалпы жогорку билим берүү системасын кайра карап чыгуу зарылчылыгы тууралуу сөз болууда.”

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан “Манас” телеканалына берген маегинде мындай деди: “Форумдун эң чоң өзгөчөлүгү – Борбор Азиядагы университеттердин биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болоорунда. Биз, “Манас” университети, дүйнөнүн көптөгөн университеттери менен буга чейин эле кызматташып келебиз. Буга байланыштуу, дагы башка университеттер менен да биргелешкен иштерди жүргүзүү үчүн бул иш-чара бизге абдан маанилүү.”

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри аталган форумга чоң көңүл буруп, жигердүү иштерди аткарып жатканын белгилеген ректор Жейлан өз сөзүндө   Догдуркүл Кендирбаевага ыраазычылык билдирип, билим берүү тармагында дагы алгылыктуу иштерди улантат деген каалоосун айтты.

Биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев “Манас” телеканалына берген маегинде форумдун маанилүүлүгү тууралуу буларга токтолду: “Акыркы жылдарда Борбор Азия мамлекеттеринин арасында ар түрдүү тармакта абдан тыгыз кызматташуу жүрүүдө. Айрыкча, билим берүү тармагын баса белгилегим келет. Мунун далили катары, бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында жогорку билим берүү тармагындагы форум өтүп жатат. Анда жогорку окуу жайлардын арасындагы кызматташуу жолдору талкууланып, ар бир университеттин жетишкендиктери тууралуу ректорлор маалымат берип, тажрыйба алмашып жатышат.”

“Бул абдан маанилүү жана пайдалуу форум деп эсептейм. Себеби учурда Кыргызстанда билим берүү тармагы абдан жакшы өнүгүп келе жатат. Көптөгөн жогорку окуу жай дүйнө жүзүндөгү университтердин рейтингде алгылыктуу орундарга ээ болуп жатышат. Алардын арасында Кыргыз-Түрк “Манас” университети бар”, - деген биринчи проректор мындан ары Борбор Азия университеттери менен кызматташтыкты күчөтүү максатында форумдун алкагында Казакстан,  Өзбекстан,  Тажикстан,  Түркменстандан келген бир нече университеттер менен кызматташуу келишимдерине кол коюлганын билдирди.

Жогорку окуу жайлар менен кызматташуу келишимдери түзүлдү

Форумдун жүрүшүндө “Манас” университети Назарбаев университети, Алматы Менеджмент университети, Академик Букетов атындагы Караганда изилдөө университети, Тажик мамлекеттик укук, бизнес жана саясат университети ортосунда кызматташуу келишимдери түзүлдү.

Келишимде окуу жайлар ортосунда окутуучуларды, студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды алмашуу боюнча иш жүргүзүү, илимий байланыштарды чыңдоо, орток илимий изилдөөлѳрдү жүргүзүү, илимий жана маданий (илимий-практикалык конференция, симпозиум, тегерек стол, семинар, студенттик олимпиадалар ж.б.у.с.) иш-чараларды уюштуруу, усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүү каралган.

Форумда иш “Билим берүүнүн, илимдин жана бизнестин интеграциясы – заманбап университеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи”, “Изилдөө университети экономиканы модернизациялоонун маанилүү ресурсу”, “Санариптик билим берүү - заманбап жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги вектору” аттуу үч панелдик секцияга бөлүнүп жүргүзүлдү.

Университет ректорлорунун форумун өткөрүү аркылуу Борбор Азиянын жогорку билим берүү мейкиндигин өнүктүрүүдөгү саясатты координациялоо максатында прогрессивдүү заманбап университеттерди - региондун илимий-техникалык жана социалдык-экономикалык өнүгүү борборлорун түзүү; Борбор Азиянын жогорку билим берүү системасынын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу; билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун бир жолу катары бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу жана мобилдүүлүктү күчөтүү, ал үчүн салыштырма критерийлерди жана методологияларды иштеп чыгуу; жарандардын эркин жүрүүсүн натыйжалуу ишке ашырууда тоскоолдуктарды жеңүү аркылуу мобилдүүлүккө көмөк көрсөтүү; билим берүүнүн жана практикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; окуу пландарын, институттар аралык кызматташтыкты, мобилдүүлүк схемаларын, биргелешкен окуу программаларын, практикалык окууларды жана изилдөөлөрдү иштеп чыгуу сыяктуу компоненттерге көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, иштин жыйынтыгы менен Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форумунун декларациясы кабыл алынды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCmD43bNYlc/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DCpAPjxtB67/

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/KMBivEPGkfY?si=Psq5k6I4K8ZN8ODa

    Социалдык медиада бөлүшүү