Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү 2025-жылдын 13- февраль күнү, Кыргызстан убактысы боюнча 17.00
2024-2025-окуу жылынын Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2025-жылдын 16- февралында өткөрүлө турган жазгы семестрдеги RSC 006 кодундагы орус тили сабагынан бошотуу сынагына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.
1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)
СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН КҮНҮ |
СЫНАКТЫН КОДУ жана АТЫ |
УБАКТЫСЫ |
2025-жылдын 16- февралы |
RSC 006 кодундагы “Орус тили” сабагы |
12.00 – 15.00 |
2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ
RSC 006 кодундагы орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттери (Кесиптик жогорку мектептин бөлүмдөрүнө катталган Даярдоо курсунун студенттери) катыша алат.
3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ
RSC 006 кодундагы орус тили сабагынан бошотуу сынактары онлайн форматта, E-ders платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ
Өткөрүлө турган сынакка катышууну каалаган студенттерибиз 2025-жылдын 13- февраль, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта) университет тарабынан берилген электрондук (manas.edu.kg аталышындагы) почтадан svetlana.parmanasova@manas.edu.kg электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.
МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ:
Тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.