Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында климаттын өзгөрүусү тууралуу семинар өткөрүлдү.
2025-жылдын 2-июлунда “Глобалдык климаттын өзгөрүүсү, анын жергиликтүү таасири жана биз колдонгон азыктар” аттуу семинар болуп өттү. Семинарды Эскишехир Осмонгази университетинин айыл чарба факультетинин окутуучусу, профессор Рафет Асланташ өттү.
Профессор Рафет Асланташ сөзүн чакыруу үчүн ыраазычылык билдирүү менен баштап, климаттын өзгөрүшүнүн экологиялык, социалдык жана экономикалык кесепеттерин ар тараптуу баяндап берди. Асланташ глобалдык күндүн ысышы температуранын жогорулашы гана эмес экенин баса белгилеп, экосистеманын тең салмактуулугунун бузулушунан айыл чарба өндүрүшүнүн азайышына, суу ресурстарынын түгөнүшүнөн азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу көптөгөн тармактарда олуттуу кесепеттерге алып келерин билдирди.
Презентациясында профессор Асланташ кургакчылыкка байланыштуу коопсуздук карталарын, климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарбасына тийгизген таасирин жана азык-түлүк чынжырындагы өзгөрүүлөрдү карап чыгып, жергиликтүү айыл чарба продукцияларын коргоонун, табигый суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануунун жана салттуу билимди илимий ыкмалар менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Табигый азык-түлүк булактарынын сапатындагы өзгөрүүлөр адамдарды синтетикалык азыктарга көбүрөөк багыттап жатканын белгилеген Асланташ туруктуу айыл чарба ыкмалары жана жергиликтүү өндүрүш келечекте дагы стратегиялык мааниге ээ болорун айтты. Ал бул ыкманы “Глобалдашкан дүйнөдө жергиликтүү баалуулуктар мурдагыдан да маанилүү болуп калат”, - деген сөздөрү менен баса белгиледи.
Семинар профессор Рафет Асланташка ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен аяктады.