2026-2027-окуу жылынын күз/жаз семестри үчүн уюштурулган Орхон алмашуу программасынын студенттик арыз жыйынтыктары жарыяланды.


  • 2026-05-20

Тиркеме-1: 2026-2027-окуу жылынын күз/жаз семестри үчүн жол чыгымдары КТМУ тарабынан каржылануучу Орхон алмашуу программасынын алкагында жөнөтүлө турган студенттердин тизмеси

Тиркеме-2: 2026-2027-окуу жылынын күз/жаз семестри үчүн жол чыгымдары студенттердин өздөрү тарабынан каржылануучу Орхон алмашуу программасынын алкагында жөнөтүлө турган студенттердин тизмеси

Тиркеме-3: 2026-2027-окуу жылынын күз/жаз семестри үчүн Орхон алмашуу программасынын алкагында жөнөтүлө турган академиялык персоналдардын тизмеси

Программага кабыл алынган бардык студенттерден арыз формасында көрсөтүлгөн электрондук почта даректерин үзгүлтүксүз текшерип туулары өтүнүлөт. Анткени кабыл алуу каттары, сабак тандоо, академиялык календарь, тосуп алуу программасы сыяктуу бардык расмий маалыматтар жана документтер ушул электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

Программага кабыл алынган студенттер окуу протоколдорун даярдоо үчүн тиешелүү бөлүм координаторлору менен байланышууга тийиш. Бөлүм координаторлорунун тизмесине төмөнкү шилтеме аркылуу жетүүгө болот:

Координаторлор тизмеси

protokol.docx

Жол чыгымдарын өздөрү төлөп, программага катышууну каалаган студенттер 2026-жылдын 1-июлуна чейин orhun@manas.edu.kg электрондук дарегине билдирүү жөнөтүшү керек.

Программага катышуудан баш тартууну каалаган студенттер жана академиялык кызматкерлер баш тартуу арызын толтуруп, кол коюп, PDF форматында 2026-жылдын 5-июнуна чейин orhun@manas.edu.kg электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

orhun-personel-feragat-dilekcesi.docx

orhun-ogrenci-feragat-dilekcesi.docx

Эскертүү: Программага арыз берип, бирок жыйынтык тизмесинде аты-жөнү көрсөтүлбөгөн студенттердин арыздары кабыл алынган эмес.

    Социалдык медиада бөлүшүү