Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган жылдык жыйынтыктоо иш-чарасы жана балдар университетинин жайкы мектебинин жабылуу аземи Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өттү. Иш-чарада борбордун бир жыл ичинде жүргүзгөн билим берүү иштери жыйынтыкталып, жайкы мектепти ийгиликтүү аяктаган окуучулардын кубанычы бөлүшүлдү.
Программага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ, Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, профессор Южел Өксүз, окутуучулар жана окуучулардын ата-энелери катышты.
Келечектин билимдүү мууну боордоштук аң-сезим менен тарбияланууда
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин үй-бүлөлүк баалуулуктарга негизделген түшүнүгүнүн борборунда балдар турарын белгилеп, мындай деди:
«Балдарыбыз – келечегибиздин эң баалуу байлыгы. Биз аларга сүйүү жана мээрим менен мамиле кылышыбыз керек. Ошондо алар да эртең түрк элинин жана Түрк дүйнөсүнүн келечегин ошол эле жоопкерчилик жана аң-сезим менен көтөрүп чыгышат. Балдарыбызга бере турган эң маанилүү баалуулук – бул адеп-ахлак, улуттук жана руханий жоопкерчилик сезими, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн биримдиги идеясы».
Ал жайкы мектеп жөн гана билим берүү программасы эмес, жалпы маданий баалуулуктарды жаңы муунга жеткирүүгө салым кошкон маанилүү аянтча экенин белгиледи.
«Келечекте Түрк дүйнөсүнүн билимдүү мууну боло турган балдардын боордоштук, ынтымак жана жалпы маданият аң-сезими менен тарбияланышы өтө маанилүү. Биз ушул жоопкерчиликти сезүү менен уюштурган жайкы мектеп аркылуу балдарыбыздын кызыктуу шартта билим алышын жана жалпы тарых, маданият, баалуулуктар аркылуу бекем байланыштарды түзүшүн максат кылабыз», – деди ал.
Үзгүлтүксүз билим берүү борбору жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктады
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, профессор Южел Өксүз 2025–2026-окуу жылында борбор тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, жыл ичинде уюштурулган курстар, семинарлар, социалдык иш-чаралар жана билим берүү программалары ийгиликтүү өткөрүлүп, аларга жалпысынан 1138 угуучу катышкан.
Профессор Южел Өксүз борбор бардык курактагы жана ар кандай максаттагы адамдар үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган ишин улантып жатканын белгиледи.
Балдар университетинин жайкы мектеби шаңдуу жыйынтыкталды
Программанын алкагында Балдар университетинин жайкы мектебинин окуучулары даярдаган түрдүү кызыктуу көрсөтүүлөр көрүүчүлөрдүн жогорку баасына ээ болду. Сахнага чыккан балдар бийлерди аткарып, музыкалык номерлерди көрсөтүп, ар кандай өнөрлөрүн тартуулашты.
Балдардын кубанычы, энергиясы жана өзүнө болгон ишеними ата-энелер менен коноктордун узакка созулган кол чабуусуна татыды.
КТМУнун кызматкерлеринин балдарынан турган 37 окуучуну кабыл алган Балдар университетинин жайкы мектеби аларга университеттик жашоо менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү. Билим берүү, маданият, искусство жана социалдык иш-чаралар менен байытылган программа аркылуу окуучулар жаңы билим жана тажрыйба топтоп, ар түрдүү окуу чөйрөлөрүн таанып-билүүгө шарт алышты.