Кыскача

Тарых

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылы 30-сентябрда кол коюлган келишимдин негизинде ачылып,  Кыргыз - Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2010-жылдын  30-октябрындагы чечиминин негизинде  2011-2012-окуу жылында студенттерге билим бере баштаган.

Миссия

Теология факультетинин миссиясы - дин багытында жогорку деңгээлдеги билимге, ой жүгүртүү жана баалоо жөндөмүнө ээ болгон, изденген, топто жигердүү иштей алган, билимин жана тажрыйбасын башкалар менен бөлүшкөн, иштерман, руханий, адеп-ахлактык жана илимий баалуулуктарды сиңирген адистерди даярдоо болуп эсептелет. Ушуну менен катар, Кыргызстандагы жана жалпы эле Түрк тектүү боордош мамлекеттердеги диний маселелерди чечүү үчүн тынчтыкка, биримдикке жана өз ара кызматташтыкка таянган диний маданиятты түптөөгө салым кошуу болуп эсептелет.

Багыт

Факультетибиз илимий изилдөөлөрү менен эл аралык аренада өзгөчө кадыр-баркка ээ, билим берүү жана изилдөө жаатында дагы жогорку көрсөткүчтү багындырган; тыгыз кызматташтыкта биргелешип иш алып барган, Түрк тилдүү элдердин диний билимин жогорулатуу жана көйгөйлөрүн чечүү үчүн;  коомдун жана жалпы адамзаттын баалуулуктарын сыйлаган, өнүгүү жолундагы инновациялык факультет болуп саналат.

Билим берүү

Теология факультети 2011-2012 окуу жылынан баштап билим бере баштаган, 4 жылдык жогорку окуу жай болуп саналат. Окутуу иштери түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт жана бул тилдер даярдоо бөлүмүндө окутулат. Факультетибизде Ислам таануу жана Дин таануу бөлүмү бар. Араб тили эки бөлүмдө ар бир семестрде окуунун аягына чейин окутулат.

Факультетибизде билим берүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген стандарттарга ылайык, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жобосунун негизинде окутулат.

Ислам таануу бөлүмүндө Тафсир, Хадис, Калам, Ислам Укугу / Фикх, Ислам агымдарынын тарыхы, Суфизм, Куран жана Тажвид окуу, Араб тили, Орус тили, Англис тили сыяктуу курстардан тышкары; Улуттук маданият, дин жана этиканы окутуу усулдары, ислам тарыхы, диндер тарыхы, жалпы философия, логика, адеп-ахлак, дин философиясы, дин социологиясы, дин психологиясы, дин антропологиясы, маданият жана өнүгүү ж.б. у. с. сабактар кеңири окутулат. Бул багытта биздин бүтүрүүчүлөрүбүз, технологиянын баардык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, көптөгөн диний жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө өз салымын кошо алат. Ошондой эле жеке жашоосунда өзүн мыкты адис катары сынай алат.

Дин таануу бөлүмүндө Диндердин тарыхы, Дин жана маданият, Философия, Дин философиясы, Дин психологиясы, Дин феноменологиясы, Этика жана баалуулуктар, Дин антропологиясы, Тафсир, Хадис, Калам, Мазхаптар тарыхы, Ислам укугу, Ислам тарыхы сыяктуу негизги ислам дисциплиналары; Педагогикалык психология, Баалоо жана анализдөө, Педагогикалык социология, Педагогикага киришүү, Атайын окутуу усулдары, Дин педагогикасы, Диний оратордук сабактары түрк тилинде; кыргыз, араб жана орус тилдери окутулат.

Бүтүрүүчүлөрүбүз негизги Ислам дининин баалулуктарын жана мыйзамдарын мыкты өздөштүргөн адис катары бааланат.

Эки бөлүмдө тең араб тили 1-курстан баштап окутулат. Факультетибиздин 2015-2016-окуу жылындагы алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө Кыргызстандын жана Түркиянын дипломдору берилди.

Факультетибиздин  Ислам  таануу бөлүмүн аяктагандар; Кыргызстандын Дин комиссиясында, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгында, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү мекемелеринде дин адиси, теолог, мугалим болуп ишке орношо алышат. Түркиядан келген бүтүрүүчүлөр болсо, Түркиянын Билим берүү министрлигине таандык мекемелерде дин маданияты жана адеп сабагы мугалими, Имам Хатиб лицейлеринде адистик сабактар боюнча мугалим жана ошондой эле Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгына таандык мекемелерде дин кызматкери, муфтий же Куран курсунда мугалим болуп эмгектене алышат.

Дин  таануу бөлүмүн бүтүргөндөр мамлекеттик мектептерде дин маданияты жана адеп сабагы мугалими болуп иштей алышат.

Биздин факультетте ийгиликтүү студенттер үчүн кош адистикте билим алууга мүмкүнчүлүк бар. Кош адистик боюнча билим алган студенттерибиз эки бөлүмдүн тең дипломуна ээ болушат.

Факультетибизде билим алып жаткан студенттерибиз жылына бир жолу Түркияда жайкы практикага (стажировкага) катышып, чет өлкөдө тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

 

Факультетибиздин бүтүрүүчүлөрү топтогон тажрыйбасы жана терең үйрөнгөн илими аркылуу Түркия жана башка өлкөлөрдө өз билимин дагы да жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Азыркы күндө Ислам таануу бөлүмүндө ачылган магистратура программасы уланып жатат, 2017-жылдын аягына карата беш студентибиз илимий изилдөө ишин жактады. Учурда 22 студентибиз билим алуусун улантып жатат.

Ислам илимдери боюнча PhD программасы да ачылып, 2017-18-окуу жылына карата 3 студентибиз билимин улантууда.

Жылына орто эсеп менен 70 студент кабыл алынган факультетибизде жалпысынан 250гө жакын студентибиз билим алып жатышат. Туруктуу жана мыкты билим берүү, студент менен мугалимдин ортосундагы тыгыз, позитивдүү жана эффективдүү байланышты сактоо менен иш жүзүнө ашырылат.

 

Биздин декандар

Проф. др. Суат Жебечи (негиздөөчү декан)

Проф. др. Мустафа КӨЙЛУ

Проф. др. Режаи ДОГАН

Проф. др. Кемал ПОЛАТ