Иьтикадий мазхабтар (ишнимге байланыштуу агымдар) а) Салафия:

Алар ыйман негиздерине тиешелүү маселелерде алгачкы аалымдарды ээрчип, аят жана хадистердин ачык маанисин гана кабыл алгандар. Булар ишенимге байланыштуу аяттарды жана хадистерди чечмелебеген Ахли сүннөт жамааты.

Алгачкы салафийлик түшүнүгүнүн эң айырмаланган өзгөчөлүгү – анын ишеним жаатында акылга роль бербегени, аят жана хадистерге гана канааттануусу, бир нече өңүттө түшүнө турган аят жана хадистерге комментарий бербөөсү (муташабих).

Кийинчерээк салаф аалымдары өздөрүнүн акылга болгон мамилесин карап чыгышып, ыйман маселелерине аз да болсо акылды колдоно башташкан.

(Илмихал- I, Түркия Дин иштери бойунча башкармалык.)