2021-10-22

КЫРГЫЗ ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ 2021-2022- ОКУУ ЖЫЛЫНЫН КҮЗ СЕМЕСТРИНЕ КАРАТА СЕМИНАРЛАРЫ


КТМУнун Теология факультетинде күзгү семестр семинарлары 20.10.2021 күнү проф. др. Режаи Догандын семинары менен башталды.
КТМУ теология факультетинин окутуучусу проф. др. Режаи Доган факультетибиздин жогорку курсунун студенттери жана кенже илимий кызматкерлери үчүн "Диссертацияны кантип жазуу керек?" аттуу семинар өткөрдү Ал өз сөзүн бакалавриат деңгээлинде аткарылган диссертациянын маанилүүлүгүнө басым жасоо менен баштады. Доган студенттер тарабынан күзгү семестрде даярдала турчу план-проспектисинин диссертация жазуу процессиндеги эң маанилүү жол көрсөткүч экенин баса белгиледи. Семинардын кийинки бөлүмдөрүндө, диссертация жазуу процессинде; тезисти жазууда грамматикалык эрежелерге жана пунктуацияга көңүл буруу керектиги; логикалык этаптарда өз аргументтерин түшүндүрүп берүү; колдо болгон далилдерди келтирүү, бирок далилдерди аргументти бекемдөө үчүн гана колдонуу тууралуу маанилүү кеп кеңештерин берди. Ал студенттерге өтө узун түшүндүрмөлөр, керексиз талкуулар жана өтө көп таблицаларды колдонуудан качуу керектигин айтты. Доган айрыкча  колдонгон булактарды көрсөтүүдө университетибиздин Диссертацияларды жазуу директивасында жазылган шилтеме ыкмаларын так аткарылышы керектигин эскертип, ар кандай мисалдарды келтирди. Проф. др. Режаи Доган семинардын акыркы бөлүгүндө студенттердин семинар темасы боюнча суроолоруна жооп берди.