2023-11-23

“Кыргызстанда имамдардын элге кызматы” Орунбеков Шохимардан Абдулазизович


Теология факультетинин Ислам таануу бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери Орунбеков Шохимардан Абдулазизович 22.11.2023. күнү “Кыргызстанда имамдардын элге кызматы” аттуу семинарын өткөрдү. Аталган семинарда имамдык кызматтын маанилүүлүгү айтылып, имам деген ким? Имам болгон киши кандай жүрүм турумга ээ болуш керектиги жана кыргыз имамдары кантип дайындалат, кантип элге кызмат кылышаары айтылды. Ошондой эле семинарга катышуучуларга практика жүзүндө азан айтуу, имам болуу, жума баянын даярдоо, нике кыйуу, кепиндик бычууну жана башка имамдык кызматтарды көрсөтүп берди.

Семинардын аягында имамдык кызматка тиешелүү суроо жооптор берилип, семинарды өткөргөндүгү үчүн Теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык агай Орунбековко ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен  жыйынтыкталды.