2021-11-03

2-Семинар : «Ар түрдүү жактары менен дин»


Семинарлар кызуу уланууда

Факультетибизде 2021-2022-окуу жылынын семинарлары кызуу уланууда. Бул контекстте факультетибиздин жаңы профессордук курамынын бири PhD, проф. Кемал тарабынан «Ар түрдүү жактары менен дин» аттуу семинар өткөрүлдү. Факультетибиздин деканынын орун басары PhD, проф. Режаи Доган, факультетибиздин окутуучулары, студенттери жана коноктору катышкан семинар чоң кызыгууну жаратты. Баяндамачы PhD, проф. Кемал Полат диндин  адамдар жана коом үчүн мааниси, динге толук аныктама берсе болобу?, Батыш илимпоздорунун жана Ислам аалымдарынын динге берген аныктамаларынын нюанстары, динге көптөгөн аныктамалардын жасалышынын себептери жана ушул сыяктуу маселелерге токтолду. PhD, проф. Dr. Кемал Полат: «Тарых бир улуттун эс тутуму; Тил – улуттун көрүнүшү, дин – улуттун ширазеси. Жөнөкөй адамдан тартып эң мааданияттууга  чейин бир коом болсо, бир ишеним жана дин ошол жерде сөзсүз бар, дин жана ишенимсиз коом жана жамаат жок, бардык диндер орто жолду сунуш кылганын белгилеген Полат: «Саякат кылып, көз чаптырып көрсөңөр дүйнөдө, дубалсыз, адабиятсыз, мыйзамсыз байлыксыз шаарларды, жерледи табасыңар. Бирок ибадатканасы жок, Кудайы жок шаарды таба албайсың».

Полат агай андан ары «Дин ыйык сезимдер жана жүрүм-турумдар менен инсандарды бириктирген, коомдорду даңазалаган жана өнүктүргөн бир мекеме деп сөзүн улады. Дин коомду тирүү кармап турган жана аны бекем кармаган эң маанилүү байланыштардын бири, анткени «Тарых – улуттун эс тутуму; Тил – улуттун көрүнүшү, Дин – бир улуттун ширазеси” десе, Сейид Ахмет Арваси “Илим, көркөм өнөр жана дин адамдын жашоосунда абдан маанилүү орунга ээ. Маданият жана цивилизациялар аларсыз жашай албайт. Мындан тышкары, алардын ордуна башка институттарды алмаштыра албайсыз. Эгер бул талааларга көңүл бурбай же четке каксаң, талаа бош болбойт,ордуна керексиз нерселер орноп, тескерисинче бузулуп калат. Илимдин ордун шылуундук, көркөм өнөрдүн ордун примитивдүүлүк менен жамалсыздык, жасалмалык,  диндин ордун кыянатчылык, ырым-жырым ээлейт деген пикирге токтолуп кетти.

Динге байланыштуу көптөгөн маселелер талкууланып, кызыгуу менен угулган семинар суроо-жооп менен уланып, декандын орун басары PhD, проф. Режаи Доганагай семинарды сунган  PhD, проф.  Кемал Полатка ыраазычылык билдирүү менен аяктады.