Кыргызстандын теология факультеттеринин ортосундагы келишимдердин алкагында 2024-жылдын 11-12-апрелинде КТМУнун теология факультетинде «Жаштар жана дин, мүмкүнчүлүктөр жана коопсуздук» темасында студенттик симпозиум жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Программа ачылыш сөз менен башталды. Ачылышта ОШМУ теология факультетинин өкүлү Рустам КУБАНЫЧБЕК УУЛУ, ОШМҮ Арашан теология факультетинин деканы док. Майрамбек ЖУСУПОВ, Ишеналы Арабаев атындагы университеттин теология факультетинин деканы, док. Нурбек ШАМРАЛИЕВ жана КТМУнун теология факультетинин деканы проф. док. Хасан АЙЫК сөз сүйлөдү. Декандар өз сөзүндө мындай иш-чаралар студенттердин дин тармагындагы көйгөйлөрүн чечүү жолдорун иштеп чыгууда жана академиялык изилдөөдө тажрыйба алууда пайдалуу болоорун айтышты. Ошондой эле факультеттер арасында өткөрүлө турган спорттук иш-чараларга катыша турган командаларга ийгиликтерди каалашты.
Программанын биринчи бөлүгү, студенттик симпозиум эки сессияда өттү. Симпозиумда ОШМУ теология факультетинен 5, КТМУ теология факультетинен 3, Ишенаалы Арабаев атындагы теология факультетинен 2 жана Арашан теология факультетинен 1 баяндамачы баяндама жасады. Эки сессияда тең алып баруучулар жалпысынан Кыргызстандагы жаштарга тиешелүү диний маселелерге токтолушту. Программанын бул бөлүгүнүн аягында алып баруучуларга сертификаттар тапшырылды.
Программа иш-чаранын экинчи бөлүгү, спорт менен уланды. Спорттук мелдештер командалык волейбол жана футбол, теннис жана шахмат боюнча жекече түрдө өткөрүлдү. Мелдештерде ийгиликке жетишкен командаларга жана спортчуларга сыйлыктар берилди.
Программанын соңунда КТМУнун теология факультетинин деканы проф. док.Хасан АЙЫК корутунду сөздү жасады. АЙЫК өз сөзүндө келерки жылы программа Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин теология факультети тарабынан уюштурула турганын билдирди. Студенттик симпозиумга докладдарды жеткирип, спорттук мелдештерге катышкан студенттерге кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.