2021-12-16

4- семинар


КТМУ Теология факультети 2021-2022-окуу жылынын күзгү семинарлары уланууда. Аталган семинарлардын төртүнчүсү 2021-жылдын 7-декабрында саат 15.30 да «Ислам жана искусство» аттуу темада Йозгат Бозок университетинин Теология факультетинин деканы Проф. док. Абдулкадир Дүндар тарабынан өткөрүлдү.
Ислам жана искусство темасына арналган семинарга университетибиздин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери, магистранттар, докторанттар жана тиешелүү адамдар катышты.
Проф. док. Абдулкадир Дүндар алгач Ислам искусствосунун булактары жана өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Бул контекстте өзгөчө Исламдын вахийи жана Азирети Мухаммед пайгамбардын Ислам искусствосунун өнүгүшүнө чоң таасири бар экенин баса белгилеп кетти. Андан соң Ислам искусствосунун конкреттүүлүк, функционалдуулук жана жөнөкөйлүк сыяктуу өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, проф. док. Абдылкадир Дундар семинарын темадагы суроолорго жооп берүү менен аяктады.