2021-12-16

Эркин Трибунада жума маеги


КТМУ Теология факультетинде «Эркин Трибунада жума маеги» башталды. Алгачкы маекти факультетибиздин деканынын милдетин аткаруучу проф. док. Кемал Полат агай тарабынан жүргүзүлдү. “Жашоо жана ийгилик жөнүндө” деп аталган баяндама студенттердин жана кенже илимий кызматкерлердин көңүлүн буруп, кызыгуу жаратты. Даярдоо курсунан тартып, аспиранттарга, академиктерге чейин ачык болгон баарлашуу студенттердин суроо-жооптору менен жемиштүү жыйынтыкталды.

Маегинде өмүр таржымалына токтолгон проф. док. Кемал Полат агай, жашоо кырктан кийин эмес, аңдап-түшүнгөндөн кийин башталарын, билимдин бештен төрт пайызы кызыгуу экенин баса белгилеп кетти. Теологдор өздөрү жашаган өлкөнүн руханий дарыгери катары саналаарын, намыс менен бүтүшү керек болгон эң негизги процесс – бул жашоо экенин, өзгөрүүнү жана өнүгүүнү өзүбүздөн баштообуз керектигин, дос, досту туура тандоонун маанилүүлүгүн, максаттар менен мүмкүнчүлүктөрдү дал келүү зарылчылыгы, ар дайым күзгүнү толук карап, позитивдүү ой жүгүртүү зарылчылыгы, кабылган кыйынчылыктар аны тоскоолдук эмес, алдыга кадам катары көрүү пайдалуу болоорун айтып оттү. Ал, биздин жашоо философиябыз бейкалыс эмес, алдын ала урматтоонун маанилүүлүгүн билдирди. Ийгиликтин сыры – ак ниеттүүлүк, пландуу жана программалык иш, артыкчылыктардын тартибине карабастан, өзүбүзгө ишенүү экендигин баса белгиледи.

Проф. док. Кемал Полат агай, деканат катары бул маектешүүгө чоң маани берээрин жана Университетибиздин бардык студенттерине ачык экенин, Эркин Трибунада жума маеги, жума күнү саат 14:30-15:30 аралыгында факультетте өткөрүлөрүн билдирди.