2022-03-03

КТМУ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН 2022-ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЗГЫ СЕМЕСТРИ БАШТАЛДЫ


КТМУнун теология факультетинин тарыхында биринчи жолу академиялык семинар программасы башталды. Семинарлар тууралуу маалымат берген теология факультетинин деканы PhD проф.  Док. Кемал полат агай  сөз болуп жаткан семинар тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды берди: «Илимий иш-аракеттердин маанилүүлүгүнө таянып, агай эжейлерибиздин факультетибиздеги иштерин бөлүшүүсүнө шарт түзүү, өз тармагына тиешелүү маанилүү маселелерди талкуулоо жана илимий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. ; Жаш академиктерибиздин билимин жана тажрыйбасын жогорулатууга салым кошуу максатында «Теология факультетинин академиялык семинар программасын» ушул мөөнөттө баштадык. Бардык лекторлор жана аспиранттар бул семинарларга угуучу катары катышышат. Семинарда баяндама жасоо милдеттүү эмес. Презентация жасоону каалаган окутуучулук курамдагы агай эжейлерден  темаларды алуу менен семестрдик программа түзүлдү жана жарыяланды. Бардык кызыккан академиктерди куттуктайбыз».

         01.03.2022-жылы биринчи семинарын өткөргөнүн белгилеген Полат агай, факультеттеги бардык академиктер жана аспиранттар угуучу катары катышкан «Өзгөртүү жана трансформация долбоору: Инкультурация» аттуу презентациясынын максатын «Биздин максатыбыз коомдук жана диний жашообузга кирүүсүн каалаган чет элдик маданий элементтерге каршы күрөшүү, бул маселеге көңүл буруу, кызыгуу жана маалымат берүү, баалуулуктарыбызды коргоо боюнча аң-сезимди жаратуу” деп орун берди. Визуалдык материалдар менен инкультурациялоонун ар кандай мисалдарына токтоп, аягында суроо жооп менен семинарын жыйынтыктады.