2022-04-08

“Түркия жана Кыргызстандагы зыяндуу диний агымдар”


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде  “Түркия жана Кыргызстандагы зыяндуу диний агымдар” аттуу панелдик жыйын болуп  өттү.

КТМУнун ректору проф. док. Алпаслан Жейлан, биринчи  проректор Проф. док. Асылбек Кулмырзаев, Тркиянын Бишкектеги элчилигинин Дин кызматтары боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк жана теология факультетинин деканы PhD проф. док. Кемал Полат агайлардын катышуусунда  28-март 2022-жылы КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы чоң залында өтө маанилүү иш чара уйуштурулду. Бул иш чара Түркиянын Бишкектеги элчилигинин Дин кызматтары боюнча кеңешчиси жана КТМУнун Теология факультети менен биргеликте уйуштурулду.

Аталган панелде PhD проф. док. Кемал Полат башкаруусунда Теология факультетинин окутуучулары Доц. док. Юсуф Гөкалп, «Ислам пикири тарыхында ашкере диний чечмелөөлөр»; Доц. док. Бакыт Мурзараимов, “Кыргызстандагы Исламдан келип чыккан диний агымдар жана ишмердүүлүктөрү”; Доц. док. Наил Карагөз, «Маалымат булактары боюнча диний  өлчөмдөр» жана Т. Дин Башкармалыгынын Дин иштери боюнча Жогорку Кеңешинин мүчөсү Мустафа Ирмаклы да «Маргиналдык диний түшүнүктөрдүн доорубуздун Ислам түшүнүгүнө жана коомдук жашоого тийгизген таасири» аттуу докладдарын сунуштады.