2022-04-19

Ислам институтунун студенттерине ифтар тамагы берилди


Кыргызстан-Түркия «Манас» университетинин ректору проф. док. Алпаслан Жейлан жана Теология факультетинин жетекчилиги, Азирети Осман Ислам институтун зыярат кылышты.

2022-жылдын 13-апрелинде университеттин социалдык жоопкерчилигинин алкагында студенттерге ифтар тамак берүү максатында Карабалта шаарындагы институтка болгон иш сапарында теология факультетинин деканы проф. док. Кемал Полат, декан орун басары доц. док. Бакыт Мурзараимов, Ислам илимдеринин доценти. доц. док. Мехмет Демиржи да катышышты.

Окуу жайдын жетекчиси Халил Дамла келгендерге институт тууралуу маалымат берди.

Ректор проф. док. Жейлан студенттер менен баарлашып, аларга: «Жашоодо эң негизгиси жакшы кул жана жакшы адам болуу. Бул илим жана ахлак аркылуу өтөт. Ушундай устаздын тизесине тизе тийгизе билим алып жатканынар үчүн абдан бактылуусунар деп айтып өттү. Баарыңарга ийгилик каалайм, жолуңар шыдыр болсун деп каалоо тилектерин айтты. Дин менен маданиятты чогуу окутуунун зарылдыгын баса белгилеген проф. док. Кемал Полат болсо студенттерге жаштык жылдарын туура пайдаланууну кеңеш кылды.

Алпаслан Жейлан Ислам институтунун мүдүрү Халил Дамлага Дин иштери боюнча төрагалык тарабынан даярдалган эки Куран, түрк желеги жана кыргыз хадистер жыйнагын тапшырды. Халил Дамла да Жейланга кепка кийгизип, «Хидайет» деп аталган  өзү которгон эки томдук китебин тартуулады. Иш сапардын жүрүшүндө «Манас» университети менен институттун кызматташтыгын жана илимий ишмердүүлүгүн арттыруу жана улантуу керектиги макулдашылды.