2022-04-27

АКАДЕМИЯЛЫК СЕМИНАР: САЯКАТЧЫЛАРДЫН ИЛИМ САЛТЫНДАГЫ ЭМГЕКТЕРИНИН МААНИСИ (Проф. док. Ахмет Кавас)


КТМУ Теология факультети, 2021-2022 жазгы семестрдик академиялык семинарлар сериясы, бул жумада “Саякатчылардын жана алардын эмгектеринин илим салтындагы мааниси” аттуу баяндамасы менен. док. Ахмет Кавасты уктук. 26.04.2022-жылы факультетибиздин окутуучулары жана студенттеринин активдүү катышуусу менен өткөрүлгөн семинар Google Meet аркылуу on-line режиминде өттү. Түрк дипломаты, академик жана жазуучу, азыркыга чейин Сенегалдын элчиси кызматын аркалаган Кавас баалуу жана көздү ачуучу баяндамасында саякатчылардын Ислам илиминин тарыхындагы орду жана маанисине токтолду. Ибн Баттута, Катип Челеби жана Эвлия Челеби сыяктуу саякатчылардын ишмердүүлүгүнөн жана эмгектеринен мисалдарды келтирип, илим дүйнөбүзгө кошкон салымдарына токтолду. Африкадагы Ислам, Түркия-Африка карым-катнаштары жана Осмон тарыхы тармактарындагы эмгектери менен таанылган Кавас мырзанын семинары суроо-жооп менен аяктады.