2022-04-29

"Кадыр түнү" программасы (Айымдар үчүн атайын)


“Кадыр түн” программасы Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинин теология факультети жана Түркиянын Бишкектеги элчилигинин дин кызматтары боюнча кеңешчилиги  тарабынан уюштурулду. Программа КТМУнун ректору проф. док. Алпаслан Жейлан жана Түркиянын Бишкек элчилигинин Дин кызматтары боюнча кеңешчиси Мурсел Өзтүрктүн катышуусунда 2022-жылдын 27-апрелинде Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде  болуп өттү.
Аялдар үчүн уюштурулган программа Курани Карим окуу менен башталып, ачылыш сөздөр менен уланды.Ректор проф. док. Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө «Эң сонун салам, Аллахтын саламы менен салам жолдойм. Салам алейкум! Бүгүн жана ар бир күн Кадыр түндөй жемиштүү болушун каалайм. Кадыр түндүн Түрк дүйнөсүнө, Ислам дүйнөсүнө жана адамзатка берекелүү болушун, бардык дубаңардын кабыл болушун Аллахтан тилейм»,-деди. 
Дин кызматтары бойунча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк: «Кадыр түнүндө абдан ыкластуу, чын жүрөктөн жасалган бир дуба да жетиштүү болот деп үмүттөнөбүз; бирок биз аларды дуба жана бир аз ибадат менен жакшыртабыз. Рамазан айы ажылыктан башка бардык ибадаттар топтолгон ай. Такай Намаз, на Тынымсыз Куран, садака, хасанат иштерди аткарабыз. болбоду дегенде дегенде фитр садакабыз бар. Башкача айтканда, Рамазан айы чындыгында бул ибадаттар топтолгон кереметтүү, кемчиликсиз бир ай. Эми ушул айдын аягына чыктык. Алдын ала майрамыңыздар менен. Кадыр түн бардыгыбызга берекелүү болсун деп тилеймин». деди.
Теология факультетинин деканы проф. док. Кемал Полат: «Кадыр түндү жан дүйнөбүздө жашап жатабыз. Ар бир түнүңүз Кадыр түндөй берекелүү, ыйык жана маанилүү болсун деп ишенем. Ар бир күнүң миң жылдык өмүр сүрүп, бактылуу болуп өткөн күн болсун. Кадыр түндө руханий дөөлөттөрүбүздүн, динибиздин, улуттук баалуулуктарыбыздын, мекенибиздин, желегибиздин баркын,  билген инсандардан бололу деп үмүттөндүрдү».
Айтылган каалоо тилектерден кийин адабият факультетинин тарых кафедрасынын окутуучусу доц. док.  Незахат Жейлан болуп жаткан иш-чараны улантты.
Панелде Теология факультетинин Ислам илимдери кафедрасынын окутуучусу Миргүл Бекмурзаева, “Рамазан жана Намаз”; Жазгуль Жолалиева, Дин илимдери бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери, “Рамазан жана тарбия”; Сатук Бугра Хан практикалык мечитинин аялдарга кызмат көрсөткөн Айше Йүксек, “Кадыр түн жана анын мааниси”; Куран курсунун окутуучусу Халиме Татлы «Аян жана адам» деген темада баяндама жасашты.
диний ырлар ырдылып, дуба тилектердин коштоосунда  уланган программа катышуучуларга «Катышуу сертификатын» тапшыруу менен аяктады.