2022-05-20

СЕМИНАР: РАСМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ДИНИй БИЛИМ БЕРҮҮ (Доктор НАЗИФ ЙЫЛМАЗ)


КТМУ Теология факультетинин деканаты уюштурган онлайн семинардын бул жумадагы коногу Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министринин орун басары Док. Назиф Йылмаз КТМУнун ректору проф. док. Алпаслан Жейландын онлайн катышуусу менен өткөрүлгөн “Формалдуу билим берүүдөгү диний билим берүү” семинарынын модератору Проф. док. Режаи Доган ачылыш сөзүн баштап берди.

17.05.2022-жылы Теология факультетинин №209 амфитеатрында студенттер жана окутуучулардын катышуусунда гибрид катары өткөрүлгөн семинарда, док. Назиф Йылмаз Түркиядагы расмий билим берүүдөгү диний билимдин орду тууралуу факультетибиздин студенттерине абдан пайдалуу маалыматтарды берди. Чоң кызыгуу менен коштолгон программанын соңунда теология факультетинин деканы Проф. док. Кемал Полат, катышкандыгы үчүн док. Назиф Йылмазга ыраазычылыгын билдирди.